Кыргыз макал-лакаптар

Wikiquote дан

А[түзөтүү]

  • "Алайын" деп жутунба, ач көздүктүн белгиси, "Жулайын" деп умтулба, журт бузардын белгиси...
  • Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
  • Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
  • Ага — тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча болот.
  • Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
  • Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
  • Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.
  • Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
  • Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
  • Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.
  • Агач катуусун курт жыгат.
  • Агыбайдын тонундай аңтара салба.
  • Агын сууда арам жок.
  • Агын тапсаң аласың, караны тапсаң каласың.
  • Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот.
  • Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
  • Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
  • Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
  • Адам — адам менен адам.
  • Адам — адам үчүн табылгыс дары.
  • Адам — адамга дос, жолдош, бир тууган.
  • Адам — акылы менен адам.
  • Адам — эли менен, өрдөк — көлү менен.
  • Адам (көзү) жок жерде кеп (ушак) кылба.
  • Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында.
  • Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт) чаласынан, сөз чаласы жаман.
  • Адам алсызы — урушчаак.
  • Адам аракты жутат, арак кийин адамды жутат.
  • Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
  • Адам ашка тойсо да, башка (жашка) тойбойт.
  • Адам баласы тетиксиз сандык, сыртынан сынчы жаңылат.
  • Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.
  • Адам болор кишинин адам менен иши бар, адам болбос кишинин адам менен неси бар.
  • Адам болуу — ураан, адамды билүү — кымбат.
  • Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
  • Адам да көктөмдө арыктайт.
  • Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
  • Адам дүйнөдө бир жаралат.
  • Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.
  • Адам жаман эмес, анын кыялы жаман.
  • Адам жаманы — сопу, жыгач жаманы — соку. Адам жаманы сопу болот, жыгач жаманы соку болот.
  • Адам жолу — улук.
  • Адам жүргөн жол менен адам жүрөт.
  • Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү.
  • Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
  • Адам ит жандуу.
  • Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат. Адам карыган сайын бала.
  • Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
  • Адам келсе таң аткандай, акмак келсе күн баткандай.
  • Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
  • Адам көптү көрбөй акыл кирбейт.
  • Адам көркү — адеп.
  • Адам көркү — чүпүрөк, дарак көркү — жалбырак.
  • Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
  • Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт.
  • Адам маңдайга жазылгандан өтө албайт.
  • Адам менен малдын айырмасы — акылда.
  • Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
  • Адам ооруган жеринен колун албайт.
  • Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт.
  • Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
  • Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
  • Адам өзүнөн эмес, сөзүнөн байкалат.
  • Адам өлбөсө — айыл башы, сарт өлбөсө — кербен башы.
  • Адам өлбөсө айыл башы, соодагер өлбөсө кербен башы.
  • Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.
  • Адам өлөт, атак өлбөйт.
  • Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
  • Адам өчкө кудай өч.
  • Адам сөзгө (кепке) байланат, айбан чөпкө (жипке) байланат.
  • Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
  • Адам сүйлөшкөнчө, айбан (жылкы) кашынышканча.
  • Адам темирден катуу, (таштан бек), гүлдөн назик.
  • Адам тилинен табат.
  • Адам тирүүлүгү — бейиш, молдонун тирүүлүгү — кейиш.
  • Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору.
  • Адам чакырса барбайм деген, аш чакырса калбайм дейт.
  • Адам ызаатка келет, айбан чөпкө келет.
  • Адам эли менен, каз — өрдөк көлү менен.
  • Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).
  • Адам эмгек менен адам.
  • Адамга — ишарат, айбанга — келтек.
  • Адамга адам кымбат.
  • Адамга конгон касиет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
  • Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
  • Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес.
  • Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын. Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук.
  • Адамга өлүм ак. (Өңгө жалган — өлүм ак).
  • Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.
  • Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
  • Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
  • Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
  • Адамдан айла качып кутулбайт.
  • Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
  • Адамды (кишини, жигитти) сөзүнөн тааныйт.
  • Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
  • Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
  • Адамды алыстан тааныш (байкаш) кыйын.
  • Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
  • Адамды бузган — байлык менен бийлик.
  • Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
  • Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн.
  • Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
  • Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.
  • Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат, тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
  • Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
  • Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан билсин, адамдын арзан менен кымбатын.
  • Адамдын адамкерчилиги, ачуусу келгенде билинет.
  • Адамдын акысын жер жебейт.
  • Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман.
  • Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
  • Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
  • Адамдын бетин бөрү жебейт.
  • Адамдын бири тентек, бири жөнтөк, бири эпчил, бири кекчил.
  • Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
  • Адамдын жалаңгычы да адам.
  • Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
  • Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
  • Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
  • Адамдын иши, жемиштин мөмөсү.
  • Адамдын ким экенин билгиң келсе, кебин шашпай тыңшап көр.
  • Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
  • Адамдын көркү — адеп.
  • Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
  • Адамдын көркү — акыл.
  • Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
  • Адамдын көркү — бөз, кулактын көркү — сөз.
  • Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
  • Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү оору.
  • Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
  • Адамдын өзүнө баа бербе, акылына баа бер.
  • Адамдын пейли тойбой, карды тойбойт.
  • Адамдын түсүн айтпай, ишин айт.
  • Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.
  • Адамзааданы жакшы сөз атынан түшүрөт.
  • Адамзатты сөз бузат, тоо — ташты сел бузат.
  • Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
  • Адамзаттын уругу — ажырыктын тамыры.
  • Адамча туулуп, айбанча жашаба.
  • Адат — адат эмес, жөн — адат.
  • Адашкан казды топтошкон карга алат.
  • Адашкан койду бөрү жейт. Адашкандын айбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
  • Адашкандын айыбы жок, айланып (кайтып) үйүрүн тапкан соң. Ачылгандын айыбы жок, өзү билип (көрүп) жапкан соң.
  • Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
  • Адашкандын алды жөн.
  • Адашкың келбесе — кара, жаңылгың келбесе — сура.
  • Адашпаймын деген эр дал түштө адашат.
  • Адашсаң атыңа ишен.
  • Адашсаң элиң менен (акылдуу менен) адаш.
  • Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабаанак итке окшош.
  • Адеби жоктун, уяты жок.
  • Адептүү киши — азаптан алыс.
  • Адепсиз бала — таманга жабышкан чыла.
  • Адепсизден алыс кач.
  • Адепсизден да адептүүлүктү үйрөн.
  • Адептүү — алкыш алат, адепсиз — каргыш алат.
  • Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр.
  • Адептүүлүк— адамдын көркү.
  • Ажал айтып келбейт.
  • Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
  • Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
  • Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
  • Аз болсо да, саз болсун.
  • Аз көбөйөт, азган оңолот.
  • Аза — арыбайт, каада — карыбайт, алтын чирибейт.
  • Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
  • Азганды кууп, тосконго жолукпа.
  • Азды аяган, көптөн кур калат.
  • Азды жок дебе, барды көп дебе.
  • Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
  • Азоого — тушоо, күлүкө — чалма
  • Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок
  • Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып
  • Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт
  • Ай чырайлуу, бал сөздүү акылман адам элеси
  • Айгыр көпсө үйүрүн кажыйт, Хан көпсө элин кажыйт
  • Айдаганы бир эчки, ышкырыгы таш жарат
  • Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат
  • Айды этек менен калкалай албайт
  • Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр
  • Айдын жарымы — жарык, жарымы — караңгы
  • Айланайын бакыраң көз сен мага тийбе, мен сага тийбейин
  • Айран сураган — аягын жашырбайт
  • Айт да болоор, айттын эртеси да болоор
  • Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман
  • Айтпа, айткандан кийин кайтпа
  • Айтсам сенден өлөөрмүн, айтпасам сындан өлөөрмүн
  • Айтып кылган иштин айыбы жок
  • Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат
  • Айыпсыз аякка тикенек кирбейт
  • Ак ийилет, бирок сынбайт
  • Ак ит, кара ит — баары бир ит
  • Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт
  • Ак төөнүн карды жарылганда
  • Аке-уке деген көңүлгө жакшы
  • Аккан арыктан суу агат
  • Аккан сууда арам жок
  • Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка куйса толбойт
  • Акмак достон акылдуу душман жакшы
  • Акмак өзүн — эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт
  • Акмакты өзүнөн түшүнбөй, элден түшүн. Адамды кордобо, акмакты бордобо.
  • Ак-Сайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол
  • Акыл — баштан, асыл — таштан
  • Акыл — тирүүдө урмат, өлгөндө даңк
  • Акылдуу менен арбашпа, алдуу менен кармашпа
  • Акылдуулар сөз алышат, акылсыздар өч алышат
  • Акылсыз — атасын акмалайт
  • Акылы аздын азабы көп
  • Акылы жетсе, атаны уул билет
  • Акыркы ашка каскак түшөт
  • Акырын баскан — аксабайт
  • Акырын бассаң — аксак, катуу бассаң таскак
  • Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт
  • Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык
  • Ала карганы атынан чакыр
  • Алган эри жарашса, кара катын ак болот
  • Алгандын бермейи бар
  • Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин
  • Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты
  • Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч
  • Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат
  • Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет
  • Алдыраар күнү — жаздыраар
  • Алма быш — оозума түш
  • Алма сабагынан алыс түшпөйт
  • Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы
  • Алтымышта атаңдын, алдап-соолап күчүн ал
  • Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт
  • Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат
  • Алтынды чыккан жеринен каз
  • Алы жетпеген акыретчи
  • Алыбек алына жараша
  • Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман
  • Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе
  • Аңгектен качсаң — дөңгөккө, дөңгөккө качсаң — сөңгөккө
  • Аңдабаган төө көрбөйт
  • Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт
  • Аңкоонун эч нерседен кабары жок, жалкоонун эч нерсени табаары жок
  • Ар ким өз көмөчүнө күл тартат
  • Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө
  • Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот
  • Аракет кылсаң — берекет
  • Арам тамак аш болбойт
  • Арамзаанын куйругу бир тутам
  • Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле
  • Арачыга алты таяк
  • Арбашкан — лышат, кагышкан — кармашат
  • Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак
  • Арзандын тузу татыбайт
  • Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы
  • Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо кас элге
  • Артык дөөлөт баш жарбайт
  • Артык кылам деп тыртык кылды
  • Арык -семирет, ач — тоюнат
  • Арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне
  • Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт
  • Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт
  • Асылуу казан — бышылуу аш
  • Ат — мингендики, тон — кийгендики, аял — тийгендики, эр — элдики
  • Ат адамдын канаты
  • Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат
  • Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт
  • Ат баспаган жерди тай басат
  • Ат баспайм деген жерин үч басат
  • Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет
  • Ат жалына казан ас
  • Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт
  • Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат
  • Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет
  • Ат сийген жерге чөп чыкпайт
  • Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат
  • Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт
  • Ата даңкы, эне баркы — балага дем
  • Атада алтоо болсо, ар жалгыздык башта бар
  • Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы
  • Атадан таяк жеген — балдар жакшы, энеден тил укпаган — кыздар жакшы
  • Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим
  • Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн
  • Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун
  • Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот
  • Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт
  • Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада
  • Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны
  • Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер
  • Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар
  • Атка жеңил, тайга чак
  • Аттан түшсөң да ээрден түшпө
  • Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле
  • Атты чапсаң алыска чап, чыкпай калса бактыңан тап
  • Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт
  • Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым
  • Атын атаса куту сүйүнөт
  • Атына жараша — заты
  • Атың чыкпаса, жер өрттө
  • Ач — кекиртет, ток — секиртет
  • Ач иттин артын сук ит жалайт
  • Ач кадырын ток билбейт
  • Ач кулактан тынч кулак
  • Ачка киши — урушчаак, арык киши — тырышчаак
  • Ачка отурганча айранга нан тийгизип жеген жакшы
  • Ачканын аңы жүрбөйт
  • Ачуу — душман, акыл — дос
  • Ачуулуунун астынан чыкпа
  • Ачууну акыл жеңет
  • Ачууну ачуу басат
  • Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар
  • Ачуусу чукул — айыпка жыгылат
  • Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар
  • Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак бир балээге калат
  • Аш көп болсо, каада көп
  • Ашаарын ашаган, жашаарын жашаган
  • Ашка жүк, башка жүк
  • Ашуудан ат алмаштырбайт
  • Ашуусу болбой тоо болбойт, аркары болбой зоо болбойт
  • Ашыкпаган араба менен коёнго жетет
  • Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы
  • Ашың калса калсын, ишиң калбасын
  • Аял болбосо ашкана жетимсирейт
  • Аял жакшы — эр жакшы
  • Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы.
  • Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт
  • Аялың мыкты болсо — бактың, аялың кыйды болсо — каттың плпопшроло

Б[түзөтүү]

  • «Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо, «атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
  • «Балам бар» деп, мактанба, топто бирөө жок болсо.
  • «Бар» таттуу сөз, «жок» — ачуу сөз.
  • «Билбейм» деген бир сөз, «билем» деген миң сөз, «көрбөдүм» деген бир сөз, «көрдүм» деген көп (миң) сөз.
  • «Билем — билем» дей бербе, билгендерди көргөндө.
  • «Болду» дегенден «болот — болот» деген кызык.
  • Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
  • Баары (бардыгы) бирөө үчүн, бирөө баары (бардыгы) үчүн.
  • Баары шумдук баладан чыгат.
  • Баары эле пайда дейт, зыянды кандай шордуу көрөт?
  • Баарына бар назир.
  • Баарынан — нан улук.
  • Баарынан качып кутулат, өлүмдөн качып кутула албайт.
  • Баарынан өкүнүч жаман.
  • Баатыр — баатырды көзүнөн тааныйт, чечен — чеченди сөзүнөн тааныйт.
  • Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
  • Баатыр — маңдайлаш, чечен — таңдайлаш
  • Баатыр — орток, кут — жалгыз.
  • Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос — зарылдыкта сыналат.
  • Баатыр (барман) табат, батман ичет.
  • Баатыр (эр жигит, жакшы) өлсө бир өлөт. Коркок (эселек, жаман) өлсө миң өлөт.
  • Баатыр баатыр эмес, мал баккан баатыр.
  • Баатыр баатырды көзүнөн тааныйт, чечен чеченди сөзүнөн тааныйт
  • Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
  • Баатыр болмок — маңдайдан, чечен болмок — таңдайдан.
  • Баатыр болсоң — душмандан качпа.
  • Баатыр болсоң — шер бол, коркок болсоң — жер бол.
  • Баатыр болуп бай болсоң — бүрдөп турган терексиң, баатыр болуп жок болсоң — үрүп чыккан серексиң.
  • Баатыр жарасыз болбойт.
  • Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
  • Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
  • Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
  • Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
  • Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
  • Баатыр өлсө аты (наамы) калат, коркок (жанбагар) өлсө неси калат.
  • Баатыр өлсө аты калат, коркок өлсө эмнеси калат
  • Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
  • Баатыр өлүмү марадан.
  • Баатыр табат, батман жейт.
  • Баатыр табат, батман ичет.
  • Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
  • Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
  • Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
  • Баатыр элден өсөт, акмак элден безет.
  • Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
  • Баатырга (эрге) да жан керек, бакырга да жан керек.
  • Баатырга да жан керек, каапырга да жан керек.
  • Баатырга таяк да жарак.
  • Баатырга таяк да жарак. Баатырдыкка даба жок.
  • Баатырга тийген жары эрте тул болот.
  • Баатырды — жоону жеңгенден кийин макта, тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
  • Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөң кадыр тут.
  • Баатырдык билекте эмес, жүрөктө.
  • Баатырдыкка даба жок.
  • Баатырдын (эрдин, жакшынын) атын (даңкын) алыстан ук, (эрдин өзүн көрбө, даңкын ук), жанына барсаң бир киши.
  • Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжо болот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
  • Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
  • Баатырдын баш ийгени — өлгөнү.
  • Баатырдын жоодон өлгөнү — элине шыпаа.
  • Баатырдын көркү — маңдайда, чечендин көркү — таңдайда.
  • Баатырдын көркү — эрдикте
  • Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
  • Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
  • Баатырлар маңдайлашып, чечендер таңдайлашып.
  • Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
  • Багы ачыктын маңдайы жарык.
  • Багы бар, багы барга дагы бар, багы жок, багы жокко дагы жок.
  • Багы бардын ташы да өйдө кулайт.
  • Багы башынан качкандан адам да качат.
  • Багы жокко дагы жок
  • Багыштын богун жеген ит кутурат.
  • Багыштын кызы баймалуу (кийиз өтүктүү), багалеги саймалуу.
  • Бадалдуу жерде сайгак көп, балалуу үйдө айгак көп.
  • Бадачы сайгактан коркот.
  • Бажа бажаны көргөндө башы кычышат, балдыз жездени көргөндө төшү кычышат.
  • Бажа бажаны көрсө башы кычышат.
  • Базар — бай, барган — кедей.
  • Базар барга — таттуу, жокко — ачуу.
  • Базар ичи байыбайт.
  • Базар көркү — бакал, эр көркү — сакал.
  • Базарга бар, бактыңан көр.
  • Базарга барат Карыбай, жатып келет жарым ай.
  • Базарда баары бар, издегенди таба албайсың.
  • Базарда миң киши бар, ар кими сүйгөнүнө салам берет.
  • Базардын алысы жок сатаары болсо, падышанын калысы жок таажысы болсо.
  • Базарлуу жоо менен байкуш уул кармашат.
  • Базары жакын байыбайт
  • Базары жакын байыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
  • Базары жакын байыбайт, соодагер жакыны жарыбайт, мазары жакын тынбайт.
  • Бай — байга куят, сай — сайга куят.
  • Бай — байга куят, суу — сайга куят
  • Бай — балпаң, жок — жалтаң.
  • Бай — барман менен, жок — дарман менен.
  • Бай баарын киет, жок барын киет.
  • Бай байбиче куймакта, кул менен күң көмөчтө
  • Бай —байлашып ыйлоого, бай Тейиттей эл керек.
  • Бай байлыгын беш жыл эстейт
  • Бай байлыгын, кул чарыгын салат.
  • Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге, арамзалар көз салаар—жылкыдагы семизге.
  • Бай баласы сүйлөсө, төө, тайлакты кеп салат. Чач Тарачтын баласы, устара, кайрак кеп салат.
  • Бай балтаң, кедей жалтаң.
  • Бай барынча, жок алынча.
  • Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок.
  • Бай болбогон бай болсо — отоого чөп койбойт, бий болбогон бий болсо — сүйлөөгө сөз койбойт.
  • Бай болбогон бай болсо, корубаган жер калбайт.
  • Бай болбоочу жигитке, өлөсөл мал жолугат. Куу баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
  • Бай болгон адам ток болот, мас болгон адам шок болот.
  • Бай болом деп шашылганың — кедейликке ашыкканың.
  • Бай болсоң — магдыраба, жарды болсоң — мөгдүрөбө.
  • Бай болуп көргөн жокмун, байкуш болуп өлгөн жокмун.
  • Бай болуп көргөнүм жок, жакыр болуп өлгөнүм жок.
  • Бай болуп көргөнүм жок, жарды болуп өлгөнүм жок.
  • Бай болуучу жигитке өлбөгөн мал жолугат.
  • Бай боорун тааныбас, соода жокко карабас.
  • Бай даңкы менен, кедей күчү менен жашайт.
  • Бай жандаган кедей оңбос, кербен жандаган малай оңбос.
  • Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
  • Бай жегени уча менен куймулчак, кедейдики өпкө менен кекиртек, шыйрак менен шыймылчак.
  • Бай караган марыбайт, жалчы жүргөн жарыбайт.
  • Бай кийсе, «куттуу болсун!» дейт, кедей кийсе, «кайдан алдың?» дейт.
  • Бай көргөндү мен көрөм, тартайын десем күчүм жок.
  • Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.
  • Бай мактанса табылат, кедей мактанса чабылат.
  • Бай малын айтат, кедей несин айтат.
  • Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
  • Бай менен байбиче урушса, кул менен күн — куймакта.
  • Бай менен байбиче урушта болсо, кул менен күң куймакта
  • Бай менен кедей баш кошпойт.
  • Бай менен куда болсоң — чиренет, жарды менен куда болсоң — тиленет.
  • Бай өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казыптыр.
  • Бай салык салса, кул чарык салат.
  • Бай сотко барса — барпаңдайт, кедей сотко барса — калтаңдайт.
  • Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз козусун сураптыр.
  • Бай тойгонунан ыткытат, кедей ачкасынан ыткытат.
  • Бай уулунун назары ач, ыймандуу киши андан кач.
  • Байбиченин амалы кырк эшекке жүк.
  • Байбиченин бардыгы — төөдөй кара сандыгы.
  • Байбиченин түлкүсү түштө улуйт.
  • Байга бар дүйнө, жокко тар дүйнө.
  • Байга жагынам деген жардынын жалгыз эчкиси чыгым болуптур.
  • Байга жанашсаң, башың торго чалынат,
  • Байга кийиз мүлк эмес.
  • Байга күндө майрам, күндө той, кедейге күндө кайгы, күндө ой.
  • Байгамбар – кудай эмес, кудайдан жуда эмес.
  • Байгамбар барына азыр (ыраазы), жогуна кайыл.
  • Байгамбар жашка барганда сууктан кач, ысыкка шаш.
  • Байге аты — караандаш. Байталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
  • Байге аты каралдаш (же караандаш).
  • Байге бербес күлүктүн жүрүшүнөн байкалат, ашык болгон жигиттин күлүшүнөн байкалат.
  • Байдан май чыкса, кедейден туз чыгат.
  • Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич, бийден эт жегиче, байкуштан чай ич.
  • Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич.
  • Байдан эт жегиче, байкуштан чай ич.
  • Байды байыткан — кулу.
  • Байды балакет басса, жортуул баштайт. Бээни балакет басса, кулун таштайт.
  • Байды кудай урарда — байталын сатып ат кылат, жакшыны кудай урарда — жакынын сатып жаткылат.
  • Байды кудай урарда конок келсе жашынат, атты кудай урарда аягынан басынат.
  • Байды кул десе күлкүсү келет, кулду бай десе, өлгүсү келет.
  • Байды мактаба, кедейди жектебе.
  • Байды мээнет чырмаса, ашканага жашынат.
  • Байды тууп алат, байбичени сатып алат.
  • Байды чоң сүйлөткөн, короодогу койлору.
  • Байды ээрчиген жарды өлөт.
  • Байдыкы барымта, кедейдики сыйрымта.
  • Байдын ашын байкуш аяйт, байдын ашын Байдөбөт кызганат.
  • Байдын ашын байкуш аяйт.
  • Байдын байлыгы кедейдин көз жашынан жаралат.
  • Байдын башы кычышат, кедейдин курсагы ачышат.
  • Байдын баянасы жугат, жоктун жоорутмасы жугат.
  • Байдын иши барман менен, кедейдин иши арман менен.
  • Байдын казаны тегин жерден кайнабайт, дасторкону тегин жерден жайнабайт.
  • Байдын карманары малы, кедейдин карманары жаны.
  • Байдын катыны өлсө, төшөгү жаңырат, жардынын катыны өлсө, башы каңгырайт.
  • Байдын көп малы көзгө көрүнбөйт, кембагалдын жалгыз эчкиси көрүнөт.
  • Байдын кулу коломтонун кулу.
  • Байдын малы кадырлуу, жардынын жаны кадырлуу.
  • Байдын малын аяба, кете берсин талаага.
  • Байдын малын аяба, суктун чайын аяба.
  • Байдын нээти кара — колу ак, кедейдин колу кара —нээти ак.
  • Байдын тамыры көп, бийдин кулагы көп.
  • Байдын түбү — уурулук.
  • Байдын уулу айраның, айраның болбосо, чыгараар эле ойронуң.
  • Байдын уулу калаада, байкуштун уулу талаада.
  • Байдын уулу назары ач, ыймандуу киши, андан кач.
  • Байдын уулу сүйлөсүн, мурду бучук болсо да.
  • Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.
  • Байкуш эңсейт — байлыкты, карыя эңсейт — жаштыкты.
  • Байлаганды билсең, чечкенди да бил.
  • Байлыгың болбосо да баркың болсун.
  • Байлык — байлык эмес, бирдик — байлык.
  • Байлык — куушурат, жоктук — бышырат.
  • Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
  • Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет.
  • Байлык бакыт эмес.
  • Байлык бирөөнүн маңдайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтөт.
  • Байлык жерде, күч элде.
  • Байлык колдун кириндей, бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет.
  • Байлык мактантат, кедейлик сактантат.
  • Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
  • Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
  • Байлык мүлктө эмес — талантта.
  • Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.
  • Байлык өтөт, кедейлик кетет.
  • Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт
  • Байлыксыз эл болбойт, пайгамбарсыз дин болбойт.
  • Байлыктан көрө биримдик артык.
  • Байлыктуу — баатыр, байлыксыз — жалтак.
  • Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
  • Байлыкты сүйгөн намысты билбейт.
  • Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
  • Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
  • Байлыктын атасы — эмгек, энеси — жер.
  • Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
  • Баймын деп, мактанба, жокмун деп, суктанба.
  • Байтал жүгүрүп байге албайт.
  • Байтал күлүк баркта жок, катын чечен наркта жок.
  • Байтал минсе, кул жок, саамал ичсе, кымыз жок.
  • Байталга күнүң түшсө да, байга күнүң түшпөсүн.
  • Байталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
  • Байы өлгөн кул дардактайт.
  • Байы чоңдун кулу чоң.
  • Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп.
  • Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
  • Байыркынын жомогу, баштаса келер оролу.
  • Бак башыңа консо, колуңа тынарың коноор.
  • Бак карабай кыдыр да даарыбайт.
  • Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
  • Бака баштуу эркекке алтын баштуу ургаачы эби менен тең болот.
  • Бака жеген көлгө кирет, жылан жеген ийинге (чөлгө) кирет.
  • Бака майрыгын билбей, жылаанды ийри — дейт
  • Бака сийсе — көлгө сеп, жамгыр жааса — жерге сеп.
  • Бака сийсе, көлгө сеп.
  • Бакага балыр көл жакшы. Балыкка терең суу жакшы. Жигитке өскөн эл жакшы.
  • Баканы алтын такка отургузсаң да, баткакты көрсө ыргып түшөт.
  • Баканын басканын көрсөң, желгенин сурап нетесиң!
  • Баканын басыгын көрүп, желгенин сураба.
  • Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.
  • Бакасыз көл болбойт, катасыз киши болбойт.
  • Бакача чардаган, жыланча арбайт.
  • Бакка келет бир кезек, бакка кезек келгенде башында булбул куш сайрайт.
  • Баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
  • Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот. Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
  • Баккан ээсине жараша малы семиз, төлү эгиз.
  • Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
  • Бакпаганды балам дебе.
  • Бакпай балааңдан, жаппай жалааңдан сакта,
  • Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет.
  • Бактылуу — эмгегинде зор, бактысыз — ооруда, кор.
  • Бактылуу адам кааласа, муз үстүндө от жанаар.
  • Бактылуу аталган байда да арман болот.
  • Бактылуу болом десең, башкага көз артпа.
  • Бактылуу болуш мүнөздөн, баатыр болуш күрөштөн.
  • Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа
  • Бактылуу эмгегинде зор.
  • Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет.
  • Бактылууну бак карайт да, кыдыр даарыйт.
  • Бактылуунуку маңдайга жазылуу.
  • Бактылуунун касы өлөт, бактысыздын досу өлөт.
  • Бактың ашкан убакта карганы салсаң каз алат.
  • Бактың ашкан убакта, карганы (жапалак) салсаң каз алат. Бактың качкан убакта, шумкар салсаң аз алат.
  • Бактың качкан убакта шумкарды салсаң аз алат.
  • Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.
  • Бактысы жоктун эгерим сөзү эм болбойт.
  • Бактысыз адам кааласа, кургак үйдөн суу чыгаар.
  • Бактысыз жокко көнөт, барга көнбөйт.
  • Бактысыз таалайынан көрөт.
  • Бактысыздык өзүңдөн, багынбайт ага түшүнгөн.
  • Бакча баксаң — макта, акча тапсаң — сакта.
  • Бакшы багамын дейт, төшүңө тумар тагамын дейт.
  • Бакшы жакшы болобу, жакшы бакшы болобу.
  • Бакылдаган (бак —бак эткен) текени, суу кечкенде көрөбүз. Шакылдаган катынды, кыз бергенде көрөрбүз. Такылдаган (так —так эткен) келинди, үй чечкенде (эл көчкөндө) көрөрбүз.
  • Бакылдаган (кээде бапылдаган) текени суу кечкенде көрөрбүз, шакылдаган келинди (же такылдаган катынды) үй чечкенде көрөрбүз, менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  • Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз
  • Бакылдаган текени суу кечкенде көрөрмүн, такылдаган катынды үй чечкенде көрөрмүн.
  • Бакылдын багы көгөрбөйт, көгөрсө да көбөйбөйт.
  • Бакыр алдуу, Кой шыйрактуу.
  • Бакыр болсоң, макмал кий.
  • Бакыр киши паанада, сокур киши шоолада.
  • Бакыргандан коркпо, тымызындан корк.
  • Бакыргандын баары эле баатыр эмес, балкайгандын баары эле балбан эмес.
  • Бакырчаак төөнүн бары ийги.
  • Бакыт деген сымап, кырсык деген уйгак.
  • Бакыт деген тоголок, аны токтотууга эп керек, мээнет деген жалпак аны көтөрүүгө күч керек.
  • Бакыт жерде, эринбей эңкейип ал.
  • Бакыт кетсе намыяны кошо кетет.
  • Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш.
  • Бакыт оросо, дос торойт.
  • Бакыт сандыкта, ачкычы асманда.
  • Бакыт эмгектен жаралат.
  • Бала — баладай, башы көзү чарадай.
  • Бала — биздики, акылы — өзүнүкү.
  • Бала адамдын канаты.
  • Бала баккандыкы.
  • Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
  • Бала билет, билбесе неге күлөт.
  • Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол
  • Бала боор эт менен тең.
  • Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
  • Бала жетиге чыкканча, жерден таяк жейт
  • Бала калса — мал табат, катын калса — бай табат.
  • Бала калса мал (эл) табат, катын калса бай (эр) табат. Чымын жаның чыркырап, кайда барып жай табат.
  • Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
  • Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
  • Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  • Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  • Бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос.
  • Бала падышадан кудуреттүү.
  • Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
  • Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
  • Бала таттууга өч.
  • Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
  • Бала ыйлабай эмчек кайда?
  • Бала ыйламайынча эмчек жок.
  • Бала ыйламайынча эмчек кайда?
  • Бала, баланын иши чала.
  • Балаадан — машаяк да качыптыр.
  • Балага — атасы сынчы. (Ата балага сынчы).
  • Балага ойлоп айтсаң угат, ойлобой айтсаң отко жыгат.
  • Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
  • Балакет — аяк астында.
  • Балакет кылбаган балакетке жолукпайт
  • Балалуу болбогон, — кубанганды көрбөгөн (билбеген), баласы өлбөгөн — күйүттү көрбөгөн (билбеген).
  • Балалуу каргага бок артпайт.
  • Балалуу каргага бок тийбейт (артпайт).
  • Балалуу өрдөк талпынса, балалары чуу болот.
  • Балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар.
  • Балалуу үй — бактылуу үй.
  • Балалуу үй — гүлүстөн, баласыз үй — көрүстөн.
  • Балалуу үй — күлкүнүн куту, баласыз үй — кубанычтын жуту.
  • Балалуу үй — падышалуу үй.
  • Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
  • Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүндө муңу бар.
  • Балалуунун баласын алганча, колунан ишин ал.
  • Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
  • Балалык — падышалык, карылык — катуулук.
  • Балалык кишиге эки келет: бири карыганда, бири жашында.
  • Балалыктын өмүрү сууда.
  • Балам, балалуу болгондо билерсиң.
  • Баланы — жашынан, катынды — башынан.
  • Баланы бак, жоону чап.
  • Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр.
  • Баланы жашынан, катынды башынан
  • Баланы кебезге ороп бага албайсың.
  • Баланы мээнет чырмаса, саргара түшүп таз болот.
  • Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете.
  • Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
  • Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.
  • Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына.
  • Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
  • Баланын жогу да балээ, бары да балээ.
  • Баланын өзүн төрөйт, кыял —жоругун (кошо) төрөбөйт.
  • Баланын сегизинде тиши түшөт, сексенинде эрдин эрге иши түшөт.
  • Баланын тарбиясы жашынан, баланын тентек болмогу үйүнөн, эрдин тентек болмогу бийинен.
  • Баланын тентек болмогу үйүнөн.
  • Баланын тентек болушу үйдөн, таалим — тарбиядан.
  • Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  • Баланын туулганына кубанба (же сүйүнбө), тураарына кубан (же сүйүн).
  • Баланын үйү — бапанын алачыгы.
  • Баланын ырайына жараша ат кой.
  • Балаң жакшы болсо өргө чыгарат, балаң жаман болсо, көргө тыгат.
  • Балаң мыкты болсо даңкың.
  • Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу. Катының жакшы болсо, малың байлануу.
  • Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  • Балаңды жашынан тарбияла.
  • Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок.
  • Балапандарды күзүндө санайт.
  • Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
  • Баласы жоктун — ырысы жок.
  • Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
  • Баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот.
  • Баласыз үй — бактысыз.
  • Баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот.
  • Балбан (күчтүү) менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе, шамал менен жарышпа.
  • Балбан менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе, шамал менен жарышпа.
  • Балдар эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.
  • Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
  • Балдарыбыз — биздин келечегибиз.
  • Балды сүйсөң, аарынын ачуусуна чыда.
  • Балдыз күйөөнүн кулагын чоет, жылкычы ышкырып коет.
  • Балдыздары келгенде, күйөөнүн чери жазылат.
  • Балкачынын миң урганы — барсканчынын бир урганы.
  • Балта көтөргөнчө, дөңгөч эс алат.
  • Балталууга отун жокпу, байталдууга катын жокпу.
  • Балтасыз бай болбойт, калтасыз кайырчы болбойт.
  • Балтасын сууга түшүргөн орустай болуп.
  • Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
  • Балык башынан сасыйт
  • Балык жеген багышпайт, пейили кеткен бекишпейт.
  • Балык жеген байыбайт, бейли кеткен беришпейт.
  • Балык иримчил, кары ырымчыл, жаман арызчыл.
  • Балык менен акындын, ойноок мүнөзү окшош.
  • Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.
  • Балыкты сууга салып коркутпа.
  • Балыктын күнү – көл менен, жигиттин күнү — эл менен.
  • Балыктын өз майы менен өзүн эмде.
  • Балыктын өмүрү сууда.
  • Балыктын суусуз күнү жок, «Күнүм жок» дешке үнү жок.
  • Балыктын тирилиги суу менен, эрдин тирилиги элменен.
  • Балыктын тиричилиги суу менен.
  • Балыкчыны балыкчы, алыстан тааныйт.
  • Балыкчынын аты чөлдөп өлөт.
  • Балырлуу жерде бака бар, тулпар атта така бар.
  • Балээ кетсе, бакыт келет.
  • Бар — балтаң, жок — калтаң.
  • Бар — барын айтат, жок — зарын айтат.
  • Бар — батаң, жок — катаң.
  • Бар — шаттантат, жок — какшантат.
  • Бар барын жейт, уятсыз арын жейт.
  • Бар болбой малың чачылбайт, жок болбой жолуң ачылбайт. Башыңа мүшкүл иш түшпөй, малың арзан сатылбайт.
  • Бар болсо — айымчылык, жок болсо — кайырчылык.
  • Бар болсо — көрө албайт, жок болсо — бере албайт.
  • Бар болсо — ташыба, жок болсо — шашпа.
  • Бар болсо — чачпа, жок болсо — шашпа.
  • Бар болсо бакмагы кыйын, жок болсо тапмагы кыйын.
  • Бар карындаш батууда болсун, жок карындаш жолдо болбосун.
  • Бар качаган кутулбас, жок качаган тутулбас.
  • Бар мактанса табылаар, жок мактанса чабылаар.
  • Бар не дедирбейт, жок не жедирбейт.
  • Бар окшотот, жок какшытат.
  • Бара турган жериңе какырба да түкүрбө.
  • Бараар жери жоктун, басаар тоосу жок, барбага жерде жыргал көп, барсаң аны таппайсың.
  • Баракелде көзөлүм, чаап алган өз элин.
  • Барбаган жери жоктун, баспаган жолу жок, кечпеген суусу жоктун, ашпаган ашуусу жок.
  • Барбаймын десе эрки жок, башына тиет керки чот.
  • Барга — бар, жокко — жок.
  • Барга — майрам, жокко — ойрон.
  • Барга бар дүйнө, кедейге кем дүйнө.
  • Барга канаат, жокко сабыр.
  • Барга көппө, жокко чөкпө.
  • Барга майрам, жокко ойрон.
  • Барга мактанба, жокко кайгырба.
  • Барган жериң от болсун, балакети жок болсун.
  • Барда аябаган жокко тойбойт.
  • Бардар киши байлыкка мас, акылга пас, кедей киши акылга мас, байлыкка кас.
  • Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың, жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
  • Барды аябаган, жокко тойбойт.
  • Барды аяган, жокко тойбойт
  • Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
  • Барды сурабайт, жокту тилебейт
  • Бардыгын турмуш өзгөртөт, байкагын өмүр, күч кетет.
  • Бардык жарашып турат, жоктук талашып турат
  • Бардын акыры — ада, алп акыры — кор.
  • Бардын иши барман менен, жоктун иши арман менен.
  • Бардын малын чачам, жоктун уятын ачам.
  • Баркыңды билбегенге барба.
  • Бармак басты, көз кысты.
  • Барса — базар, келсе — кербен.
  • Барчылык — жарашып турат, жокчулук — талашып турат.
  • Барыктаса, башка чыгат.
  • Барына шүгүр, жогуна тобо.
  • Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
  • Баскандан эринсең жүгүрөрсүң.
  • Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  • Баспаган атка «чу» деген сөз дем берет.
  • Баспас ат, өтпөгөн бычак эрди тез карытат.
  • Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.
  • Бастырган – бараар, чапкан калаар.
  • Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
  • Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
  • Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
  • Батар күндүн атар таңы бар.
  • Батмандап кирген оору маскалдап чыгат.
  • Бахылдын (сараңдын) багы көгөрбөйт, көгөрсө да, көбөйбөйт.
  • Баш — акыл үчүн, акылман — эл үчүн.
  • Баш — акылдын кабы, көз — жандын айнеги
  • Баш айрылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
  • Баш айрылса, бөрк ичинде.
  • Баш аман (соо) болсо — бөрк табылат.
  • Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
  • Баш болуу оңой, баштап кетүү кыйын.
  • Баш жарылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
  • Баш иштебесе бутка күч келет.
  • Баш иштебесе буттун шору
  • Баш канжыгада, кан — көөкөрдө.
  • Баш кесмек бар, тил кесмек жок
  • Баш көбөйсө — ырыс, кас көбөйсө — уруш.
  • Баш көйрөң — тузчу, орто көйрөң — отунчу, аяккы көйрөң — уйчу.
  • Баш куйрукту күтпөйт.
  • Баш мээси менен, мал ээси менен.
  • Баш соо болсо, бөрк табылат.
  • Баш экөө бөлбөй, мал экөө болбойт.
  • Баш эсен болсо, топу табылат.
  • Башка бирөө менен дешпе, дешсең башканы аралаштырып жешпе.
  • Башка жерден көк асманды көргөнчө, өз жериңде кара булутту көр.
  • Башка иш тушсө, байтал жорго болот, мата торко болот.
  • Башка келген балаага, кулак —мурун садага.
  • Башка келгенде — көз көрөр.
  • Башка келсе (же чапса), байтал жорго болот, мата торко болот.
  • Башка түшкөндү көз көрөөр.
  • Башка түшсө — байтал жорго болот.
  • Башка түшсө, бала да көнөт.
  • Башка элге барып султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
  • Башкага жасаганың да өзүңө пайда.
  • Башканы танса да, токочту танбайт.
  • Башканын кайгысына кубанба, бактысына кубан.
  • Башта уткан — байыбайт, кийин уткан — кейибейт (же кемибейт).
  • Баштагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт
  • Баштагы болбой, мал болбойт, башчысы болбой, эл болбойт. Какаары болбой, кыш болбойт, катыны болбой, эр болбойт.
  • Баштагынын жашы болсоң, эмикинин карысы болоорсуң.
  • Башталганча мактанбай, бүткөндө мактан.
  • Баштан ашкан убара.
  • Баштоочу болсо, коштоочу табылат.
  • Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
  • Башты — балта бузат, жылкыны — маңка бузат.
  • Башты асыраган — эки кол.
  • Башты балта чабат, жылкыны маңка бузат.
  • Башты башкара билген башкага үлгү.
  • Баштык ичпейт, баш ичет.
  • Баштыктагы түгөнгүчө баш аман болсун.
  • Башчы дурус болбосо — журт бузулат, соода дурус болбосо — нарк бузулат.
  • Башчы экөө болсо акыл — жалгыз
  • Башчысы болбой марыбайт, башаламан жарыбайт.
  • Башы — бапан, аягы — сапан.
  • Башы барга май токтойт.
  • Башы батпагандын балтыры сыйат.
  • Башы бүтүн аман жүрөт.
  • Башы бүтүн, боору аман — адам жок.
  • Башы жок бака, көзү жок көгөн.
  • Башы катуунун, аягы таттуу.
  • Башы оорубаган кишинин — кудай менен иши жок.
  • Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
  • Башы оорубастын башка менен иши жок.
  • Башы ооруган бакшыга барат, дөөлөтү ашкан жакшыга барат.
  • Башы ооруп, балтыры сыздабагандын эчтеме менен иши жок.
  • Башы тоголоктун бардыгы адам боло бербейт
  • Башым канжыгада, каным көөкөрдө.
  • Башымдан өтпөгөнгө баламын, башың өткөн жерден өзүң өтөсүң.
  • Башын аманда малың түгөлдө.
  • Башын баштайт, аягын таштайт.
  • Башына тартса — аягына жетпейт, аягына тартса, башына жетпейт.
  • Башынан багы качкандан — адам да качат.
  • Башың аманында малыңды түгөлдө.
  • Башың баш, багалчагың кара таш.
  • Башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде.
  • Башыңа иш түшкөндө жакшы кейип өтөт, жаман күлүп өтөт.
  • Башыңа иш түшсө, төбөң менен кудук казаарсың.
  • Башыңа күч келсе, башмандак атасың.
  • Башыңа тоо түшсө да чымындай көр.
  • Башыңа төө түшсө, чымындай көр, чымын консо төөдөй көр.
  • Башыңдан ким сыласа, машаягың ошо, жаныңда ким отурса, сулууң ошо.
  • Башыңы ким сыласа машаягың ошо, маңдайыңда (жаныңда) ким отурса, сүйгөнүң да (же сулууң да) ошол.
  • Баягы, баягы — Байкожонун таягы.
  • Бегиңе жеткиче белиңди сындырам.
  • Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
  • Бедери жок торкодон бек токуган бөз жакшы.
  • Бейжай аял белгисиз ыйлайт.
  • Бейишти бөтөн жерден эмес, киндик каның тамган жерден изде!
  • Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
  • Бейкайратка бейиш жок.
  • Беймаал конок душмандан жаман.
  • Беймаал кыйкырган короздун, башын жулуш керек (кесмек парыс).
  • Бейтаалай эрдин башына, бэйжай аял жолугат.
  • Бек байлагын атыңды, жайына кое бербегин, эси жок эсер катынды.
  • Бек зикир чалса, бек эместер бакшы болот.
  • Бекем катсаң, оңой табасың.
  • Бекер алгандын берекеси болбойт.
  • Бекер жерден мышык аптапка чыкпайт.
  • Бекер жүргөнчө, бекер оку.
  • Бекер ичкен — бей таалай, таап ичкен — чоң таалай.
  • Бекер ичкен бей таалай, таап ичкен чоң таалай.
  • Бекер киши таз болбойт.
  • Бекер турганча, бекер иште.
  • Бекерден кепин табылса, чулганып алып өлүш керек.
  • Бекерден теңирим безер.
  • Бекердин атасы өлүптүр.
  • Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
  • Бекеринен кепин табылса өлүш керек.
  • Бекеринен мал тапсаң, берекеси жок болот.
  • Бекерчиден безе кач, өнөрлүүгө өтө кач.
  • Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач, жатакчыдан алыс кач.
  • Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.
  • Бекке жанашсаң, белчеңден азапка батасың.
  • Бел бекчейсе, көз чекчеет
  • Бел кырчоодон сарала.
  • Белден күч кеткенде, колдон иш кетет.
  • Белек баалуу эмес, сый баалуу.
  • Бели ооруп көрбөгөн киши, бекерликти жакшы көрөт. Колу жоорубаган киши, кошоматчылыкты жакшы көрөт.
  • Бер десең — үтүрөйөт, ал десең — жылмаят.
  • Бербеген кудайга чоң дооң барбы.
  • Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
  • Бербегенди берип уялт.
  • Бербес жерде буюм бар, жакпас жерде отун бар.
  • Бербес кыздын салыгы оор.
  • Бербесең — алышпайсың, келбесең — алыстайсың.
  • Бербеске эртең менен саамал, берерге бешимде кымыз.
  • Бербестин ашы бышпас, бышса да казандан түшпөс.
  • Бербестин ашы бышпас, бышса да очок башынан түшпөс.
  • Бербестин ашы бышпас.
  • Бербестин шылтоосу көп.
  • Берген алат, эккен — орот.
  • Берген баатыр эмес, алган баатыр.
  • Берген жоомарт эмес, алган жоомарт.
  • Берген колум алаган, майлуу колум жалагам.
  • Берген кудайына жагат.
  • Берген март эмес, алган март.
  • Бергенге беш да көп, алганга алтымыш да аз.
  • Бергенге бир да көп, алганга жүз да аз.
  • Бергенин алган — жамандын иши, ичкенин кускан — чабалдын иши.
  • Береген колум алаган.
  • Береке байда эмес — элде, кетмендеп иштелген жерде.
  • Берекенин баары жерде калган эмеспи, жер дүйнөнүн туткасы элде калган эмеспи.
  • Берекесин маа берсин, көлөкөсүн саа берсин.
  • Берерге бешимде — кымыз, бербеске шашкеде — саамал.
  • Берерге бешөө чыкпаса, аларга алтоо чыгат.
  • Бересеге бешөө көп, аласага алтоо аз.
  • Берешен колум алаган.
  • Берешенден бешиктеги бала да үмүт кылат.
  • Бери болуп төрдө жок, ары болуп көрдө жок.
  • Бери карап күлүп, ары карап ыйлаган жаман.
  • Берип берен болгончо, бербей сараң бол. Берип сараң (суу) болгуча, бербей уят бол. Берип эки жаман көрүнгөнчө, бербей бир жаман көрүн.
  • Берип берен болгуча, бербей сараң бол.
  • Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн.
  • Берип жаман көрүнгүчө бербей жаман көрүн
  • Берсе — ал, урса — кач.
  • Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесе да май жакшы, жебесе да май жакшы.
  • Берсен — аларсын, эксең — орорсун.
  • Берсең — ичем, урсаң — өлөм.
  • Берсең — ичпейт, бекитсең — койбойт.
  • Берээрге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
  • Берээрге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал жок.
  • Бетеге кетет, бел калат.
  • Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат.
  • Бетеге өзүн бий ойлойт, караган өзүн кан ойлойт.
  • Бети башы терден арылбагандын колу, буту чордон арылбайт.
  • Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти этиме тийген катыныма баркым жок.
  • Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок.
  • Бети жокко безетки чыгат.
  • Бетим жаман болсо да, ниетим жакшы.
  • Бетинен бедер кеткен соң, кымкап да болсо бөзгө тең. Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.
  • Бетке (көзгө) айткан сөздүн заары жок.
  • Бетке айткандын — заары жок.
  • Бетке айткандын жүзү жарык.
  • Бетке чабар терс кыял, бөөдө кырсык тарттырар.
  • Беттешүүдө өзүн жоготкон адам жетелеме болот.
  • Бечарага тумоонун кереги не.
  • Бечел турса (басса), жер өрттөйт.
  • Бечелге жөтөл үйүр (же бечелден жөтөл кетпейт).
  • Бечелге жөтөлдүн кереги жок.
  • Бечелге көк жөтөлдүн кереги эмне.
  • Бечелди бекер көрбө (ойлобо), мүмкүн арстандай мыкты чыгар.
  • Беш кол оозго батпайт.
  • Беш кол тең эмес.
  • Беш колду оозго салса береке кетет.
  • Беш тогоол болбой (өтпөй) бел чечпейт.
  • Беш тогоол өтпөй бел чечпейт.
  • Бешик баласы беш түлөйт.
  • Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет, карындагы баланын Хан болоорун ким билет.
  • Бешиктеги баланын ким болорун ким билет?
  • Бешиктен чыгып, тешикке киргенче.
  • Бешимде туруп кеп айтсаң, беш күнгө чейин оолугат.
  • Бешимден кийин тийген күн жылуу болбойт.
  • Бешимден кийин тийген күндүн жылуулугу болбой койбойт.
  • Биз да катын болорбуз, капка таруу саларбыз.
  • Биз да киши болорбуз, атка кишен саларбыз.
  • Биз жакка дагы күн чыгаар
  • Биз тирүүлөй бир дөбөдөбүз, өлгөндө бир көрдөбүз.
  • Биздин көчөдө да майрам болоор.
  • Бий экөө болсо, доо төртөө болот.
  • Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет.
  • Бийдин максаты — бийлик кылуу, бай максаты — байлык жыйноо.
  • Бийик дөбөгө (же тоого) чыксаң — көзүң ачылат. Жакшы менен сүйлөшсөң — көңүлүң ачылат.
  • Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа. Жакшы кишини алыстан ук, жанына барба.
  • Бийик тоону көрөмүн десең, башына чыкпа.
  • Бийик тоонун чокусуна, бир күндө басып — чыгам дебе.
  • Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
  • Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет,
  • Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
  • Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
  • Бийлик бар жерде кулдук бар.
  • Бийлик жаратканда андан кийин элде.
  • Билбеген — уят эмес, билгиси келбеген — уят.
  • Билбеген киши жылкыда бөйрөк жок дейт.
  • Билбеген уу ичет.
  • Билбегенге уруят, билгендерге уят.
  • Билбегенди бил, билимдүү —пир.
  • Билбегенди эшитсең билги болосуң.
  • Билбес кудайды билбейт.
  • Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
  • Билген жолуңду атаңа бербе.
  • Билген миң балаадан кутулат, билбеген миң балаага тутулат.
  • Билген миңди башкарат.
  • Билген суу ичет, билбеген уу ичет.
  • Билген таап айтат, билбеген каап айтат.
  • Билгенге бата аяк, билбегенге ант аяк
  • Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.
  • Билгенди айтуудан тартынба.
  • Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
  • Билгениңе кеңеш аяк, билбегениңе ажыраш аяк.
  • Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
  • Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү (же толук) миңди жыгат.
  • Билек — бир, бармак (же манжа) — башка.
  • Билек бирге болсо да, манча (же бармак) башка, тилек бирге болсо да, жүрөк башка.
  • Билек жирей албаганды — билим жирейт.
  • Билем десең миң сөз, билбейм десең бир сөз
  • Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
  • Билерман болсо иниси, бийлейт экен агасын.
  • Билиги жок чырак жарылбайт, иштегиси жок жигит жарыбайт.
  • Билим — адамдын канаты.
  • Билим — деңиз, акыл — кайык.
  • Билим — жанып турган чырак.
  • Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  • Билим — карыбас, өнөр — арыбас.
  • Билим — кенч, эмгек анын ачкычы.
  • Билим — мейман, акыл — ээ.
  • Билим — оошот, ырыс — жугушат.
  • Билим — өнөр азыгы, өнөр — эрик казыгы.
  • Билим — ырыс азыгы
  • Билим — элге, суу — жерге.
  • Билим алуу — ийне менен кудук казгандай
  • Билим алууну бешиктен башта.
  • Билим болбой, илим болбойт.
  • Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
  • Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
  • Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  • Билимди сатып албайт, аны казып алат.
  • Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
  • Билимдин кени китепте.
  • Билимдин күчтүүсү — адамдык.
  • Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
  • Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
  • Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
  • Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
  • Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын,
  • Билимдүү зор, билими жок кор.
  • Билимдүү көп, билген аз
  • Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
  • Билимдүү миңди жыгат, билимсиз бирди жыгат.
  • Билимдүү молдо пиво сатат.
  • Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
  • Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
  • Билимдүүгө дүйнө — жарык, билим өмүр азыгы
  • Билимдүүгө дүйнө жарык.
  • Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
  • Билимдүүдөн акыл сура.
  • Билимдүүнүн — билими жугат, билимсиздин — ириңи жугат.
  • Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
  • Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
  • Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
  • Билимдүүнүн түнү — күн, билимсиздин күнү — түн.
  • Билими бар — ар балаадан кутулат, билими жок — миң балаага тутулат.
  • Билими жокко күн да түн.
  • Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
  • Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
  • Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
  • Билинбей туруп адамга бир ооз сөз адамды дарылайт.
  • Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
  • Бир агарган сакалың, кайрадан чыгып карарбас.
  • Бир ай минбей атыңды мактаба.
  • Бир айткан сөздү кабыл алганды падыша де.
  • Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.
  • Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
  • Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.
  • Бир амал менен, эки алдай албайсың.
  • Бир ата — эне отуз уулду багат, отуз уул бир ата — энени бага албайт.
  • Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  • Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
  • Бир баатыр—согушта, акыл — ачуу келгенде, дос — зарылдыкта (сыналат).
  • Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
  • Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
  • Бир баш — миң ой.
  • Бир башта миң үмүт.
  • Бир буту — көрдө, бир буту — жерде.
  • Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин сүтү жок, бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе, экинчисинин күчү жок.
  • Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
  • Бир жакшы — бар журттун камын жейт, бир жаман — бар малын жейт.
  • Бир жакшы бар — журттун камын жейт, бир жаман бар — журттун малын жейт. Эр жигит элдин камын жейт, эселек элдин малын жейт.
  • Бир жакшы бар журттун камын жээр, бир «жакшы» бар айылдын малын жээр.
  • Бир жакшылык, бир жамандык унутулбайт.
  • Бир жамандык бир жакшы — эгиз болуп келет, бир караңгы бир жарык — түндөн кийин күн келет.
  • Бир жамандык, бир жакшылык — эгиз болуп, бир келет.
  • Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарылды.
  • Бир жеңден кол, бир жакадан баш, бир ооздон сөз чыгарсаң жоого алдырбайсың.
  • Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
  • Бир жердин ала каргасы бир жерге келип телик куш болот.
  • Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
  • Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
  • Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
  • Бир жолу калпың чыкса, сөзгө алгысыз болосуң.
  • Бир ирет даам таткан жериңе миң ирет салам бер.
  • Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.
  • Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.
  • Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.
  • Бир кайгы бир кайгыны унуттурат.
  • Бир караңгы, бир жарык — түндөн кийин күн келет.
  • Бир карасаң — камчы сап, бир карасаң — ийнелик.
  • Бир карын майды бир кумалак чиритет.
  • Бир катындын мекери — кырк эшекке жүк деген.
  • Бир кезде биз да бөрү элек, тайлак басып жээр элек.
  • Бир кемпир бир кемпирди «кыз» деп тергептир.
  • Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
  • Бир кишиге бир киши, аздык кылбайт, алдырбайт.
  • Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
  • Бир кишинин дөөлөтүнө миң киши мас болот.
  • Бир койлууга миң койлуунун иши түшөт.
  • Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
  • Бир конгон конок кут, эки конгон конок жут, үч конгон конок курут.
  • Бир коркоктун кесири миңге тиет.
  • Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үч көргөн — алыш.
  • Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — тууган.
  • Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш.
  • Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш, үч көргөн алыш
  • Бир көргөн кишиңе, миң салам бер.
  • Бир көргөндө — тон сыйлуу, таанышканда — бой сыйлуу.
  • Бир кумалак бир карын майды чиритет
  • Бир күн болсо да, күн көргөн жакшы.
  • Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет.
  • Бир күн туз таткан жериңе миң күнү салам бер.
  • Бир күн укмуш укпаса, кулак керең болот.
  • Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң.
  • Бир күндүк өмүрүң болсо — түштүгүнө жорго мин.
  • Бир күнкү таанышка, миң күнү салам бер.
  • Бир күнү калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
  • Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.
  • Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
  • Бир күнү шумдук укпаса, кулак дүлөй болот.
  • Бир мунарага жеталбай атып, бир мунарага бутун арткан.
  • Бир мыскал дөөлөттү көтөрүш үчүн, миң мыскал токтоолук керек.
  • Бир ок менен эки коён атам дебе.
  • Бир ок менен эки коёнду аткан
  • Бир ок менен эки коёнду атыш өтө оор.
  • Бир ооз сөз абийир каралайт, бир ооз сөз жүрөк жаралайт.
  • Бир ооз сөз жүрөк жаралайт, бир ооз сөз абийиркаралайт.
  • Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
  • Бир өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
  • Бир сап ырдан бир кап чыр да чыгат.
  • Бир сөз — оозго алгыс, бир сөз — издесе тапкыс.
  • Бир сөз бар — кут, бир сөз бар — жут.
  • Бир сүйлө, эки ук.
  • Бир тамчы суу — кумурскага дарыя көрүнөт.
  • Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
  • Бир таш тоо эмес, бир баш эл эмес.
  • Бир тентек—бала, бир тентек — кан.
  • Бир теңге (тыйын) берип айттыра албаганды, миң теңге (тыйын) берип койдура албайсың.
  • Бир тойдо эки жар болбойт.
  • Бир тоодон бир тоого арзыган кийик ачтан өлүптүр.
  • Бир тоокко да жем керек.
  • Бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе экинчисинин күчү жок.
  • Бир тыйын берип айттыра албаганды, миң тыйын берип койдура албайсың
  • Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
  • Бир урууда бир жинди болот.
  • Бир уядан — бир сасык.
  • Бир уядан бир сасыткы чыгат.
  • Бир үйдүн ашы бир үйгө сонун.
  • Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт.
  • Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
  • Бир чайнасаң — май чайна, былчылдасын оозуңда.
  • Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын (чылпылдасын) оозуңда. Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
  • Бир чөптүн гүлүнөн аары бал соруп алса, жылан уу — оруп алат.
  • Бир чыбык менен миң кой айдалат.
  • Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
  • Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан как шыйрак, үч эрден чыккан катындан жолдо турган жоор инек жакшыраак.
  • Бир этегин жаза баскан, бир этегин үзө басат.
  • Бир этегин үзө баскан, бир этегин жаза басат.
  • Бирге билиш болгуча, миңге тааныш бол.
  • Бирге болсо тебишет, ажырашса кишинешет.
  • Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
  • Бирге тааныш болгончо, миңге билиш бол.
  • Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.
  • Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
  • Бирде манап, бирде кул — пикири жок бир эргул.
  • Бирди аяган миңден кур калат.
  • Бирди аяган миңдин убалына калат.
  • Бирди бакпасаң, жокко зар болосуң.
  • Бирди билгенче, миң менен тааныш бол.
  • Бирди жеп уятың чыкканча, миңди жеп атың чыксын.
  • Бирди капа кылган, миңге чуу түшүрөт.
  • Бирди кессең — онду тик.
  • Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
  • Бирди тапсаң, кийип өт, бирди тапсаң, ичип өт.
  • Бирдик болбой тирдик болбойт.
  • Бирдик болгон жерде — тирдик.
  • Бирдик жок жерде тирдик жок.
  • Бирдики — миңге, көптүкү — түмөнгө.
  • Бирдиктүү болбой дөөлөттүү болбойт.
  • Бирдиктүү эл — кебелбес аскадай.
  • Бирдин билгени — сыңар эмчектин сүтү, көптүн билгени — ташып аккан дайра.
  • Бирдин катасы миңди азапка салат.
  • Бирдин кесепети — миңге, миңдики — түмөнгө.
  • Бирдин кесепети миңге тиет.
  • Бири кетсе экинчисинин сүтү жок.
  • Бири кетти, неси калды?
  • Бири тентек чыкса, бири жөнтөк болот.
  • Биригишсе тиштешкен, ажырашса кишинешет
  • Бириктирбейт жек көрүү, бел сындырат бөксөрүү.
  • Бирин эки кылып, битин сирке кылып.
  • Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык — ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
  • Бирлик бар жерде тирлик бар.
  • Бирөө алдында жатып, «турсам өлөсүң» дептир.
  • Бирөө ашы менен кыйын, бирөө башы менен кыйын.
  • Бирөө билбегенди бирөө билээр, бирөө ыйлай турганга бирөө күлөөр.
  • Бирөө билбегенди, бирөө билет.
  • Бирөө бузуп айтат, бирөө түзөп айтат.
  • Бирөө десем миң экен, жалгыз десем сан экен.
  • Бирөө жашаш үчүн иштейт, бирөө жеш үчүн жашайт.
  • Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт, бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
  • Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт.
  • Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт.
  • Бирөө менен дешпе, дешсең бок жешпе.
  • Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт.
  • Бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
  • Бирөө утулмайынча, бирөө куталбайт.
  • Бирөө эрте, бирөө кеч, барабыз кербен жолуна.
  • Бирөөгө бак, бирөөгө баш берет.
  • Бирөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  • Бирөөгө жамандык кылсаң өз башыңа тиерин унутпа.
  • Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
  • Бирөөгө көр казсаң, кенен каз, өзүң барып түшөсүң.
  • Бирөөгө күлөм деп, өзүң күлкүгө калба.
  • Бирөөгө күлсөң өзүң ыйлайсың.
  • Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
  • Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң секирип чыгарга.
  • Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң.
  • Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат.
  • Бирөөлөргө нан кайгы, бирөөлөргө жан кайгы.
  • Бирөөнө жамандык кылсаң, өз башыңа (түшөөрүн) тийерин унутпа.
  • Бирөөнү эки кылган — эпчил.
  • Бирөөнүкүнө көз артсаң, өзүңкүнөн кол жууйсуң.
  • Бирөөнүн — өзү баатыр, бирөөнүн — сөзү баатыр.
  • Бирөөнүн — өзү сыйлуу, бирөөнүн — сөзү сыйлуу.
  • Бирөөнүн (душманыңдын) өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  • Бирөөнүн (жамандын) өзү (өңү) суук, бирөөнүн (өзүнөн да) сөзү суук.
  • Бирөөнүн ажалы оттон, бирөөнүн ажалы топтон, бирөөнүн ажалы уудан, бирөөнүн ажалы суудан.
  • Бирөөнүн айдап жүргөн малы бар; бирөөнүн ат көтөргүс даны бар.
  • Бирөөнүн арканы менен үңкүргө түшпө.
  • Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
  • Бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
  • Бирөөнүн аты терчил, бирөөнүн кийими кирчил.
  • Бирөөнүн ашына — мойнуңду созбо.
  • Бирөөнүн бетине түкүрсөң, өз көзүңө тыпын түшөт.
  • Бирөөнүн жакшы жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманы өмүр өткөнчө билинбейт.
  • Бирөөнүн жарчысын коюп, өз жарчыңды жарып ал.
  • Бирөөнүн ичи — деңиз, бирөөнүн ичи — коңуз.
  • Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
  • Бирөөнүн кеңешин ук, бирок өз күчүңө ишен.
  • Бирөөнүн колу менен от кармаба.
  • Бирөөнүн көзүнөн, бирөөнүн сөзүнөн.
  • Бирөөнүн көрүнө бирөө жатпайт.
  • Бирөөнүн кызматына көз артканча, өз мээнетиңе ишенгениң дурус.
  • Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.
  • Бирөөнүн өзү сыйлуу, бирөөнүн сөзү сыйлуу.
  • Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле.
  • Бирөөнүн өңү суук, бирөөнүн сөзү суук.
  • Бирөөнүн өрдөгүн жесең, каз байла.
  • Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.
  • Бирөөнүн убалына калгыча, экөөнүн сообуна кал.
  • Бирөөнүн үйүн чечмек бар, тикмек жок.
  • Бирөөнүн элинде Султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
  • Битке ачууланып, тонуңду отко жакпа.
  • Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
  • Биттейде бириктик, бармактайда баш коштук.
  • Биттин ачуусун сиркеден алат.
  • Биттин ичегисине кан куйган эпчил.
  • Биттин өчүн сиркеден алба.
  • Биттүү конок батат, иттүү конок батпайт.
  • Боёкчуну боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур.
  • Боз койдон жоош (же момун), ак койдон аңкоо (же маңоо).
  • Боздоп улуйт тууган жердин шамалы, боор толгоп учуп — күйүп жаналы.
  • Боздукта (жашында) бенде өлбөсүн, боз топурак көрбөсүн.
  • Бозмаштуу жерде бото өлбөйт, аңыздуу жерде ат өлбөйт.
  • Бозмоштуу жерде бото өлбөйт.
  • Бозо — болгондуку, токоч — тойгондуку.
  • Бозодогу сөз бокко жарабайт.
  • Бозодогу сөз бокко өтпөйт
  • Бозойдун мыйыгынан күлгөнү — селкинин оюн билгени.
  • Бозоң бозоруп болбогон тамак, ичсе — тойбогон тамак.
  • Бозочу — боорукер болбос, борукчу — кайрыкер болбос.
  • Бозочунун үйү кыйкырык менен өкүрүк, өтүкчүнүн үйү апырык менен сапырык, насбайчынын үйү какырык менен түкүрүк.
  • Бозынач болсо, ботом өлөт беле?
  • Бой көтөргөн суук көрүнөт, орой сүйлөгөн жек көрүнөт.
  • Бойлукта байлык жок.
  • Бок жесең, жүрөгүңдү байлана жүр.
  • Бокко тийбе — сасыйт
  • Бокту баспа — сасыйт.
  • Бокту чапса бетке чачырайт.
  • Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
  • Болбогондо болушпайт (болбогонго болушпа).
  • Болбой турган уулуңду, коё бергин казанга.
  • Болгон сайын болгусу келет, толгон сайын толгусу келет.
  • Болгонуңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
  • Боло турган азамат болоттон кылыч байланат.
  • Боло турган уулуңду, жибербегин базарга.
  • Болоор бала богунан.
  • Болоор иш болду, боёсу канды.
  • Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
  • Болоору болду, боёсу канды.
  • Болооруңа келгенде боз жоргоңду такала, болбосуңа келгенде болгон эрди жакала (жака —белинде жүр).
  • Болооруңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
  • Болор — болбос өлүптүр, ат чаптырып коюптур.
  • Болор бала бешикте булкунат, болор кулун желеде жулкунат.
  • Болор бала богунан.
  • Болор кулун — желеде булкуйт, болор бала — бешикте булкуйт.
  • Болор музоо богунан.
  • Болору болду, боёсу канды.
  • Болот (кылыч) кында жатпайт.
  • Болот бычак кынсыз калбайт, болот ийилбейт, чорт сынат.
  • Болот ийилбейт, чорт сынат.
  • Болот кылыч кында жатпайт.
  • Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
  • Болот сынат, бирок ийилбейт.
  • Болоюн деген балаңды жибербегин базарга, болбоюн деген балаңды коё бергин казанга.
  • Болоюн деген уул бар, болтурбайм деген кудай бар.
  • Болсоң болоттой бол.
  • Боор ооруган бозорот, табаалаган тамылжыйт.
  • Боор ооруса, боорго тебет.
  • Боор оорусу — киндик толгойт.
  • Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт.
  • Боору ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт.
  • Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
  • Борбаш канчалык кыраан болсо да, боз торгойчолук алы жок.
  • Бороонду тоотпой боорун тоспогон муздак желден коркот.
  • Бороонду тоотпой боорун тоспогон, болбогон муздак желден коркот.
  • Бороондуу күндө бок кычайт.
  • Бороондуу күнү бок кычайт, болжолдуу күнү жок кычайт.
  • Босогодон мүдүрүлсөң, төрдө эмне бар!
  • Ботко майдан бузулбайт.
  • Бош кап тикесинен турбайт.
  • Бош челек катуу калдырайт.
  • Бош челек катуу калдырайт. Бою пекененин — үнү бийик.
  • Бою бир карыш сакалы миң карыш.
  • Бою карыш, ою жапыс.
  • Бою келтенин ою келте.
  • Бою пакененин ою бийик.
  • Боюна бүткөндөн кийин төрөбөй койбойт.
  • Боюнун узунун кантейин, акылынын кыскасын кантейин.
  • Боюңа карап тон быч.
  • Боюңа мактанба, оюңа мактан.
  • Боюңдай бой табылса да, оюңдай ой табылбайт.
  • Бөдөнө бөлтөйүп, кыргый кымпыйып, тоодак томпоюп мындай жаткыла, эки сартка бир тартар, бир саны бизге артар.
  • Бөдөнө жеп тарууну, чымчык калат балаага.
  • Бөдөнөнү кыргыйга, жем жараткан — сен дүйнө, эки эгиздин бирөөнү, кем жараткан — сен дүйнө.
  • Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун.
  • Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба.
  • Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса «бытпылдык».
  • Бөздүн көркү менен мата өтөт.
  • Бөзчү белбоого жарыбайт, темирчи такага жарыбайт.
  • Бөзчү бөзгө жалчылбайт.
  • Бөйрөктөн шыйрак чыгарат, бөдөнөдөн куйрук чыгарат.
  • Бөйрөктөн шыйрак чыгарат.
  • Бөйрөктөн шыйрак чыгарган, бүргөдөн май сызгыргысы келет.
  • Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
  • Бөкөндү минсе ат болбойт, тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
  • Бөксө чайнек бат кайнайт.
  • Бөксө чайнек катуу кайнайт. Бөөдө аракет бел сындырат.
  • Бөксөсүндө — бөрү, түзүндө — түлкү.
  • Бөлөм, бөлөм үчүн өлөм.
  • Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы, душманга өйдө караба, тийбей койбойт зыяны!
  • Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы.
  • Бөлүнгөндү бөрү жейт
  • Бөөдө аракет бел сындырат.
  • Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт.
  • Бөөдө каргыш өзүңө тиет.
  • Бөөдө чыгым баш жарат.
  • Бөөдө чыгым бөлөккө жетпес.
  • Бөрк ал десе — баш алган.
  • Бөрк алдында не болбойт.
  • Бөрк алмак бар, баш алмак жок.
  • Бөрк алып кел десе, баш кескен.
  • Бөрк астында — бөрү жок дебе, ээк астында — жоо жок дебе.
  • Бөрк кийгендин тамагы бир, жол жүргөндүн тилеги бир.
  • Бөрү — жарды, кузгун — тойду.
  • Бөрү — койго тойбойт, кулак — сөзгө тойбойт, көңүл — ойго тойбойт, көз — көргөнгө тойбойт, жер — жутканга тойбойт, куш — учканга тойбойт.
  • Бөрү азыгы — жолдон.
  • Бөрү азыгы менен эр азыгы жолдон.
  • Бөрү арыгын билгизбей, итке жүнүн үрпөйтөт.
  • Бөрү атар жигиттин бөркүнөн тааны.
  • Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны, журт баштаар уулду сөзүнөн тааны.
  • Бөрү ачыкпай, жортуулга чыкпайт, тойгон бөрү, ууга чыкпайт.
  • Бөрү баласы — ит болбойт.
  • Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт.
  • Бөрү баласына баш тоголотот.
  • Бөрү бөрк астында же бөрк астында бөрү бар.
  • Бөрү жарды кузгун тойду.
  • Бөрү жебесе да күнөөлүү.
  • Бөрү жегенге маш, молдо алдаганга маш.
  • Бөрү жок десе бөрк астында, ууру жок десе жер алдында.
  • Бөрү жыргаганга маш, молдо алганга маш.
  • Бөрү каргышы койго жетпейт.
  • Бөрү карыса — чычканчыл болот.
  • Бөрү карыса да, бир койлук алы бар.
  • Бөрү карыса, итке күлкү болот.
  • Бөрү карысын жектейт.
  • Бөрү сууну шалпылдатып, кой кечкен суу экен дептир.
  • Бөрү түндө күч, жоо камсыз кезде чабат.
  • Бөрү этектен, жоо жакадан алат.
  • Бөрүгө кой кайтартпа.
  • Бөрүдөн бөлтүрүк гана туулат.
  • Бөрүнү аясаң, өзүңдү жарат.
  • Бөрүнүкү тең орток, кузгундуку куркулдайдын башында.
  • Бөрүнүн ажалы көтү күйүк иттен.
  • Бөрүнүн жолу миң, мергенчинин жолу бир.
  • Бөрүнүн кулагы (эки көзү) ууда, баланын кулагы чууда.
  • Бөрүнүн күчү — тишинде, кишинин күчү — ишинде.
  • Бөрүнүн тоюна барсаң, бөрүбасарыңды ала бар.
  • Бөрүнүн эки көзү ууда.
  • Бөрүчү бүркүт өлүүчү.
  • Бөтөлкө менен достошкон, өмүрү менен коштошот.
  • Бу да болсо пайда, мунун түбү кайда.
  • Бу дүйнөдө не карып? Замандашы болбосо карыя болор тез карып. Кадырын жеңе билбесе, бойго жеткен кыз карып.
  • Бу дүйнөдөн үмүтүн үзгөн акыретинин камын көрөт.
  • Бу тоодон бу тоого арзыбаган кийик ачка өлүптүр.
  • Бузук бар жерде кусур бар.
  • Бузуку ажо — жолдо турган дөңгөч.
  • Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт.
  • Бузуку менен муңдашпа, типтүү менен тирешпе.
  • Бузукунун үйү күйсүн.
  • Бузулаар үйдөн ырк кетет, атасынан адилдик кетет.
  • Бузулган элге бучуктан молдо (же улук).
  • Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
  • Бузулуп калган ашка, ачка болсоң да караба.
  • Буйга минген төөсү бар, чабаганчы жөөсү бар.
  • Буйругу жок ашка тиш тийбейт.
  • Бука жокто — торпок бий.
  • Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү буканын күчү болбойт.
  • Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү.
  • Бука өлбөгүдөй, инек соолбогондой болсун.
  • Букада кайын жок, уйда төркүн жок.
  • Буканы кутурткан эки энек.
  • Буканы өкүрткөн эки энек.
  • Буканын жаманы музоого теңтуш.
  • Буканын күчү болбойт.
  • Буканын мурду карыбайт, эрдин көөнү карыбайт.
  • Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт.
  • Букарда пулу бардын көөнү ток.
  • Бул жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген неме, бул
  • Бул түбү жок жыртык дүйнөнүн түбүнө ким жеткен.
  • Булак өзүн көлмүн дейт.
  • Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
  • Буламыктан — тиш сынат, кыламыктан — бут сынат.
  • Буламыкты да жасаган катын жасайт.
  • Булбул багына конот, падыша такка конот.
  • Булбул түндө сайрап, күн чыкканда эс алат.
  • Булбулдан чечен бир куш жок, тырмактай — ак карасы.
  • Булбулдун доошун эшитпей, буралып талаа ачылбайт.
  • Булбулдун мукам үнү бар, тайлактын таза жүнү бар, боло турган азамат, болоттон кылыч байланып, жоого тийсе сүрү бар.
  • Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.
  • Булбулдун унун укпай, жайкы талаа ачылбайт.
  • Булбулдун ырын карга кайдан түшүнсүн.
  • Булду берсең, сүткө бер.
  • Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс.
  • Булут ала — жер чоло.
  • Булут минип, муз бүркүп, сен да өтөрсүң дүйнөдөн. Илкий — силкий жөө жүрүп, мен да өтөрмүн дүйнөдөн.
  • Булут шамалга каршы жылбайт.
  • Булуттан чыккан — күн ачуу, жамандан чыккан — сөз ачуу.
  • Булуттун кадыры жок — ай жанында.
  • Булуттун көркү жери менен, буудайдын көркү тери менен.
  • Бура сүйлөгөн сөз күлөөргө жакшы.
  • Бура сүйлөнүлгөн сөз күлөргө жакшы, булкунган ат минерге жакшы.
  • Буран, белдин кайгыга батканы — бозойдун кабарсыз жатканы.
  • Буран, иштин — арты ылаң.
  • Бурган сөз — урган сөз.
  • Бут — басар, кол — табар.
  • Бут серпкенге ал келбейт, ажал жетип күн бүтсө.
  • Бутагың сынса сынсын, бирок тамырың соолубасын.
  • Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары адам атала бербейт.
  • Буту сынган — жатып алып семирет, колу сынган — басып жүрүп арыктайт.
  • Буту сынган — жатып семирет, колу сынган — басып арыктайт
  • Бутунан кулаган турат, оозунан кулаган турбайт.
  • Бутунан мүдүрүлгөн турат, оозунан мүдүрүлгөн турбайт.
  • Буудай наның болбосо да, буудайдай сөзүң жокпу.
  • Буудай сепкен таалайсыздын, аңызына арпа чыгат.
  • Буудай сепсең, бузуп арпа айдаба.
  • Буудай токочуңду бербесең да, буудайдай сөзүңдү аяба.
  • Буудайдын барар жери — тегирмен, кыздын барар жери — күйөө.
  • Буудайдын барар жери — тегирмен.
  • Буурусун чийген чийин жок, суур казган ийин.
  • Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
  • Буюкканга жылдыз — от.
  • Буюм керек учурунда жакшы.
  • Буюмду адам жаратат, адамды кудай жаратат.
  • Буюмдун кирин самын жууйт, көңүлдүн кирин акыл жууйт.
  • Буюрбаган ашка мурун канайт.
  • Буюрбаган аштан үмүт этпе.
  • Буюрбаган ашыңа, жөө конок келсин кашыңа.
  • Буюрса — Букардан аш келет.
  • Бүгүн — пэшэ (бай), эртең — гэдэ (кедей).
  • Бүгүн бар да, эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  • Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба, өз колуңдан келүүчү ишти бирөөгө тапшырба.
  • Бүгүн конок — эртең жомок.
  • Бүгүн көргөн — эртең жок, бүгүнкү ач — эртең ток, тоюнганда топук күт, толгоп салар дүнүйө шок.
  • Бүгүн көргөн — эртең жок, ушундай белең (же атаны кайран) дүйнө бок.
  • Бүгүн көргөн эртең жок.
  • Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.
  • Бүгүнкү ачууну эртеңкиге кой.
  • Бүгүнкү ачууңду эртеңкиге калтыр.
  • Бүгүнкү көргөн эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  • Бүгүнкү мээнетиң — эртеңки дөөлөтүң.
  • Бүгүнкүнү көргөн да бар, көрбөгөн да бар.
  • Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
  • Бүгүнкүнүн эртеңкиси (же эртеси) бар.
  • Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба.
  • Бүкүлүү жебей этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.
  • Бүлдүргө болор жип, бүлкүлдөп үрөр ит жок.
  • Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  • Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
  • бүргөнү такалап минген неме.
  • Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
  • Бүркүт картайса, чычкан уулайт.
  • Бүркүт карыса чычканчыл болот, каракчы карыса алдамчы болот.
  • Бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киесиң.
  • Бүркүттүн ээси болсо, түлкүнүн кудайы бар.
  • Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп.
  • Бүтпөгөн иш сыртта болсо кар басат, үйдө болсо чаң басат.
  • Былтыркыдан калган иш жок.
  • Бысмылданын ашын шайтан түгөтөт.
  • Бычагы курч байыбайт.
  • Бычагыңды чыны менен бер, чыны менен берсең, кыны менен бер.
  • Бычак берсең — кындап бер, кындап берсең — чындап бер.
  • Бычак жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт.
  • Бычак канча өткүр болсо да, өз сабын жонбойт.
  • Бычакты өзүңө ур, оорубаса бирөөгө ур.
  • Бычактын көркү — курчунда, суусардын көркү — сыртында.
  • Бычмачынын күчүгүндөй шыпылдап.
  • Бышаарына күйүп, чыгараарына күйбөйсүңбү?
  • Бышкан жемиш сабагында турбайт, бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  • Бышкан жемиш сабагында турбайт.
  • Бышпастан мурда бышырдың, күйбөйстөн мурда күйгүздүң.
  • Бышты, ат башына чычты.
  • Бышык болом деп жатып, жек — жаатыңдан кол үзбө.
  • Бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  • Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
  • Бээ баласын чапчыса да, берт кылбайт.
  • Бээ десе — төө дейт
  • Бээ десең төөгө кетет (же төө дейт).
  • Бээ карыса чөл, сыйыр карыса көл.
  • Бээ кулунун катуу тепсе да, мерт кылбайт.
  • Бээ туугуча — байтал, катын төрөгүчө — келин.
  • Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт.
  • Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты өчпөйт.

А==

  • Вазир жакшы — хан жакшы. Аял жакшы — эр жакшы.

Д[түзөтүү]

  • Дарак бир жерде көгөрөт
  • Дартты жөн койсо жайылат, дарыласаң айыгат
  • Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт
  • Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт
  • Дос айрылат, сөөк кайрылат
  • Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе
  • Дос күйдүрүп сүйлөйт, душман сүйдүрүп сүйлөйт
  • Дос сыйлайт, душман кыйнайт
  • Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт
  • Дос таарынса, бергенин алат
  • Дос-жолдошуң бир жылдык, куда — сөөгүң миң жылдык
  • Досум дос элек — коон үзгөндө, тескери карап калыпсың — бозо сүзгөндө
  • Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес
  • Досуң миң болсо да, аздык кылат, душ — маның бирөө болсо да көптүк кылат
  • Досуңдун бергенинин тишин ачпа
  • Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак
  • Дөөлөттөн артык мээнет бар
  • Дубана таарынса ачка калат
  • Думанадан айбашы үмүт өтүптүр
  • Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат
  • Душмандашкан киши оңолбойт
  • Душмандын биринчи кадамы, жылмалап айткан саламы
  • Душмандын сырты жылма, ичи кара
  • Душмандын чырагына май тамызба
  • Дүйнөгө түркүк болгон адам жок
  • Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт
  • Дүнүйө — бир тыйындан курулат

Ж[түзөтүү]

  • Жабагы жалдуу экен деп сатып алба, жаманды малдуу экен деп жакын кылба
  • Жабылган аяк, жабылган бойдон калсын
  • Жаз жарыш, күз күрөш
  • Жазгы суук жандан өтөт
  • Жаздыктан өлгөн жаманат, жоодон өлгөн салтанат
  • Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын
  • Жайыл дасторкон — марттыктын белгиси
  • Жайын билбей — жер тандаган кызык, алын билбей — эр тандаган бузук
  • Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт
  • Жакшы — сөздү таап сүйлөйт, жаман — каап сүйлөйт
  • Жакшы — эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт
  • Жакшы атанын кашыктап чогултканын, жаман уул чөмүчтөп чачат
  • Жакшы атка — бир камчы, жаман атка — миң камчы
  • Жакшы бала баарына үлгү, жаман бала баарына күлкү
  • Жакшы бала элпек, жаман бала тентек
  • Жакшы болсо катының, табыла берет акылың
  • Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул, жаман жигит үйдө мырза, сыртта кул
  • Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт
  • Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок
  • Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт
  • Жакшы ишке келет, жаман ашка келет
  • Жакшы катын жарым ырыс, жаман катын күндө уруш
  • Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи, Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи
  • Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба
  • Жакшы менен бир жүрсөн жетесиң муратка, жаман мен

ен бир жүрсөң каласың уятка

  • Жакшы менен тоого чыксаң кудаалашып түшөсүң, жаман менен тоого чыксаң кубалашып түшөсүң
  • Жакшы сөз — жан эритет, жаман сөз — жан кейитет
  • Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын
  • Жакшы тилек — жарым ырыскы
  • Жакшы уул эл ишине жарайт, жаман уул колуңду карайт
  • Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз
  • Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр
  • Жакшыдан жаман туулса чыгаша, жамандан жакшы туулса киреше
  • Жакшылык жан эритет, жамандык жан кейитет
  • Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым – деп тим болот
  • Жакшылыкты унуткан, жамандыкка жолугат
  • Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе
  • Жакшынын — шарапаты, жамандын — кесепети
  • Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт
  • Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо
  • Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт
  • Жалгыз дарак токой болбойт
  • Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт
  • Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт
  • Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт
  • Жалкоонун жаны таттуу, эмгекчилдин наны таттуу.
  • Жалтанбаган жоону жеңет, жадабаган тоону жеңет
  • Жалындуу жаштык кезинде, жазгы суудай ташкында
  • Жаман айгыр үйүрүнө тап
  • Жаман айтпай жакшы жок
  • Жаман атты жал басат
  • Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай
  • Жаман болсо катының, ичтен жеген митедей
  • Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста аста
  • Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт
  • Жаман иттин аты ‘’Бөрүбасар’’
  • Жаман көргөндүн бөркү казанбактай
  • Жаман көрсө жармасын бербей койсун
  • Жаман малын катат, жакшы ашын койот
  • Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт
  • Жаман үйдүн коногу бийлейт
  • Жаманга сый жарашпайт
  • Жамандан жарты кашык аш калат
  • Жаманды төө үстүнөн ит кабат
  • Жамандыгы болбосо жаштыгы калган жок
  • Жамандыкты көрбөгөн, жакшылыктын баркын билбейт
  • Жамандыкты унуткан жакшы, жакшылыкты унуткан жаман
  • Жамандын барынан жогу
  • Жамандын бир өнөрү артык
  • Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол
  • Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок
  • Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт
  • Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок
  • Жаманчылыкты аманчылык жеңет
  • Жан бар жерде өлүм бар
  • Жаны бардын жели бар
  • Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт
  • Жаңдооч кийик аттырат
  • Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт
  • Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат
  • Жаргылчактуу катын жакшы катын, электүү катын эрке катын
  • Жарды байыйт, жаш чоңоёт
  • Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт
  • Жатаар курсак жармадан айлансын
  • Жаткан оору эмес, баккан оору
  • Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы
  • Жатып өлгүчө, атып өл
  • Жаш — күчү менен, кары — кеңеши менен
  • Жаш курдаш эмес, заман курдаш
  • Жаш чыбыктын ийилгени — сынганы, жаш жигиттин уялганы — өлгөнү
  • Жашка — кызмат, карыга — урмат
  • Жашоо ырахаты — ден-соолук
  • Жаштардын басканы — жыргал, карылардын — жатканы жыргал
  • Жаштык бар жерде жалын бар
  • Жаштык бар жерде шаттык бар
  • Жаштык жашынып кетет, карылык камынтпай келет
  • Жаштык кезиң мастык кез
  • Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар
  • Жаштын тилегин берет
  • Жашында мылжың болсо, карыганда кылжың болот
  • Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү
  • Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатыңды сактаганың
  • Жегенде тойбогон жалаганда тоймок беле
  • Жегендин — кусмайы бар
  • Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт
  • Жел чыкпаса, жан чыгат
  • Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот
  • Желмогуздун эң кичинекейи кыйын
  • Жеңилди жерден, оорду колдон алат
  • Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот
  • Жери байдын, эли бай
  • Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы
  • Жети күндүн бири өлүм
  • Жети өлчөп бир кес
  • Жетим жүрүп жетилет
  • Жигит өлөр жерине күлүп барат
  • Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
  • Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара
  • Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн
  • Житкен окту аткан ок табат
  • Жогологон бычактын сабы алтын
  • Жокко суу да жок
  • Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар
  • Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу
  • Жол азабы, көр азабы
  • Жол бирге болсо да, тагдыр башка
  • Жолдун тегизин бил, (сөздүн негизин бил)?
  • Жолоочу болсо атын ал, тоноочу болсо башын ал
  • Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо — үйдөгүсү жакшы
  • Жолуң шыдыр жолдошуң кыдыр болсун
  • Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап
  • Жоого барсаң баарың бар, доого барсаң бириң бар
  • Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска
  • Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт
  • Жооштон жоон чыгат
  • Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат
  • Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу-мурду кыбырайт
  • Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт
  • Жөжөнү күзүндө санайт
  • Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы
  • Журт мазар, журттан чыккан азар
  • Жуткан жутабайт
  • Жуурат төгүлсө жугу калат
  • Жүгүргөн албай — буюрган алат
  • Жүз дос — аз, бир кас — көп
  • Жүз жолу айткандан, бир жолу көргөзгөн жакшы
  • Жыгылган күрөшкө тойбойт
  • Жыгылган оогонго күлөт
  • Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл
  • Жылаандын куйругун баспа
  • Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр
  • Жылуу сүйлөсө жыла-жыла жылаан ийинден чыгат
  • Жылуулук от бар жерде, сулуулук кал бар жерде
  • Жылуу сөз жыланды да ийинден чыгарат
  • Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк
  • Жээн эл болбойт, желке тон болбойт
  • Жакшыга жанаш ,жамандан адаш

З[түзөтүү]

  • Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт
  • Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот
  • Заманына карай — күлкү, тоосуна карай — түлкү
  • Зер кадырын зергер билет, жез кадырын жезчи билет
  • Зордукчуга мал жокпу
  • Зордун түбү кор болот, байдын түбү ачка өлөт
  • Зээндүү бала сүйүнтөт, кежир бала күйүнтөт

И[түзөтүү]

  • Ийгиликтин кечи жок
  • Ийлеп — ийлеп итке салба
  • Ийне көзүнөн сынат, чечен сөзүнөн сынат
  • Ийри отурсаң да, түз сүйлө
  • Билим алуу — ийне менен кудук казгандай
  • Ириген ооздон чириген сөз чыгат
  • Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт
  • Ит итти көрүп үрөт
  • Ит иттигин кылат
  • Ит кабышып өлөт, наадан чабышып өлөт
  • Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт
  • Ит менен дос болсоң сөөк талашасын
  • Ит үрөт — кербен жүрөт
  • Ит эле болду Сарбагыш
  • Итенген сайын бир боорсок
  • Итке темирдин кереги эмне
  • Итти каппайт дебе, атты теппейт дебе
  • Ичи тар итине бок бербейт
  • Ичиң күйсө туз жала
  • Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат
  • Ички ооруну табуу кыйын - карт адамды багуу кыйын
  • Ичкилик арты — өкүнүч
  • Ичтен чыккан ийри жылаан
  • Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын
  • Ишенген кожоң сууга акса, алды — алдынан тал карма
  • Иши оңолордун ити чөп жейт
  • Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт
  • Иштеген — тиштейт, иштебеген — тиштебейт

К[түзөтүү]

  • "Кулоо кулоо, тубуно жетет.
  • "Көңүлүмө жагат" деп көрүнгөн менен дос болбо
  • "Көрдүм" деген көп сөз, "Көрбөдүм" деген бир сөз
  • ‘’Кел" демек бар, "кет" демек жок
  • Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт
  • Казды туурап карганын буту сыныптыр
  • Казына — казына эмес, эл — казына
  • Кайгы жокто кайын энем өлүп кайгыртты
  • Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат
  • Кайгысы жок кара сууга семирет
  • Кайгысызга уйку таттуу
  • Кайда барсаң да, казандын кулагы төртөө
  • Кайда барсаң Мамайдын көрү
  • Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт
  • Кайраттуу — карыса да жаштай, кайратсыз жаш болсо да карыдай
  • Кайрылгандан — айрылба
  • Калк айтса — калп айтпайт
  • Калп — ырыс кесет, кайгы — өмүр кесет
  • Калп айткан киши жарыбайт
  • Калптын казаны кайнабайт
  • Калптын сөзү суу кечпейт
  • Калптын сөзү ушак, чындын сөзү тузак
  • Калыс арыбайт, калпычы жарыбайт
  • Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат
  • Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай
  • Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба
  • Кандан, Бектен кайра тартпаган
  • Кандын да бир татым тузу кемиптир
  • Кара далы — эр тандабайт, өлөөр адам — жер тандабайт
  • Кара жерди жамандаба, башка кайда барасың, Калың элди жамандаба, каргышына каласың
  • Кара жылды как жарган — калыс
  • Кара кыздын агынан эмес, багынан
  • Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы
  • Карга баласын аппагым дейт
  • Карга карганын мээсин чокубайт
  • Каргайын десем — жалгызсың, каргабайын десем — байкушсуң
  • Каргыш албай, алкыш ал
  • Карды тойгон канга салам бербейт
  • Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет
  • Кары адам үйдүн куту
  • Кары алжыса — баладай
  • Кары келсе — ашка, жаш келсе — ишке
  • Карыганда жан таттуу, жандан дагы мал таттуу
  • Карылыктын алды, жаштыктын арты
  • Карын ачты, кайрат качты
  • Карыны токтун кайгысы жок
  • Карынын кебин капка сал
  • Карысы бардын ырысы бар
  • Карыш — карыш, сөөм — сөөм
  • Кастын ою бөлөк, достун ою жөлөк
  • Катуудан тиш оору кыйын, жумшактан ич оору кыйын
  • Катын албай кайын ал
  • Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал
  • Катын жакшы — эр жакшы
  • Катын өлсө камчы сап
  • Катының долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда
  • Качан көрсөм тойдон көрөм
  • Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт
  • Каш коём деп, көзүн чукуп алыптыр
  • Кашыктап чогултканды, чөмүчтөп чачпа
  • Каяшачыл карыш узабайт
  • Кедей байга жетейин, бай кудайга жетейин дейт
  • Кедейди көчкөндө көрөсүң
  • Кедейдин бир тойгону орто байыганы
  • Кедейлик кемтик эмес
  • Кежир жек көрүнөт, элпек эп көрүнөт
  • Келин жаман эмес, келген жер жаман
  • Келме кезек — терме тезек
  • Кембагал болсоң көчүп көр!
  • Кемчилигин моюнга албаган, келечегин оюна албайт
  • Кеңешип кескен бармак оорубайт
  • Кеп чынынан бузулбайт
  • Керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук
  • Керектүү таштын оору жок
  • Керкисинде да бар, кемигинде да бар
  • Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда?!
  • Кечтим байдын кызынан
  • Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок
  • Кимди ким көрдү Баржыбайды там басты
  • Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырдайсың
  • Кичүү болгуча иттин күчүгү бол
  • Киши дүйнөгө түркүк болбойт
  • Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманың өлгөнчө билинбейт
  • Коён өз көлөкөсүнөн коркот
  • Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт
  • Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр
  • Кожонун өзү тойсо да көзү тойбойт
  • Койчу көп болсо, кой арам өлөт
  • Койчунун кызы кой келгенде жумуш жасайт
  • Кол ийрисине тартат
  • Кол кудайдын мөөрү
  • Колдо бар алтындын баркы жок
  • Колу менен жасаган, мойну менен тартат
  • Колунда талканы бар бала — сүйгүнчүктүү
  • Колуңдан келбес жумушту, оюң менен бүтүрбө
  • Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт
  • Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет
  • Конокко аш кой эки колун бош кой
  • Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат
  • Коркконго кош көрүнөт
  • Коркок жанын сактайт, чоркок малын бакпайт
  • Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт
  • Котур ташы койнунда
  • Кошоматка кой соёт
  • Кошунаң көр болсо көзүңү кысып өт
  • Көз жетпеген жерге сөз жетет
  • Көз коркок, кол баатыр
  • Көздүн курчу болот, сөздүн мурчу болот
  • Көзүнө чөп салган, душмандыктын белгиси
  • Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет
  • Көк итти көп ит талаптыр
  • Көктөн тилегеним жерден табылды
  • Көлөкөгө тон бычкан
  • Көмүскө достон көрүнөө душман артык
  • Көңүл ооруткан — наадандык, көңүл көтөргөн — адамдык
  • Көөдөнү жукадан, чөнтөгү жука артык
  • Көп байкаган көсөм, сөз байкаган чечен
  • Көп баскан аяк бок басат
  • Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет
  • Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт
  • Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот
  • Көп уктаган көптөн кур калат
  • Көп үйлөсө жел болот, көп ыйласа сел болот
  • Көпкөндүн көчүгүнөн чыгат
  • Көптөн көп акыл чыгат
  • Көптү көрбөй көсөм болбойт, көп сүйлөбөй чечен болбойт
  • Көптүн көзү көрөгөч
  • Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа
  • Көргөнүңдөн — көрө элегиң көп, укканыңдан уга элегиң көп
  • Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот
  • Көрөөр күнү бардын, ичеер суусу болот
  • Көрүнгөн тоонун ыраагы жок
  • Көсөөнүн акылы түштөн кийин
  • Көч жүрө-жүрө түзүлөт
  • Көчкөн журттун баркын, конгон журтуңда билесиң
  • Көчүктү кыскан бай болот
  • Кудай деген кул өлбөйт
  • Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот
  • Кудай кылса, кубаарыңдын акысы барбы
  • Кудайдын кулагы сүйүнсүн
  • Кул кутурса, өтүгү менен төргө өтөт
  • Кулда кулак жок
  • Кулдай иштеп — хандай жаша
  • Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт
  • Курсак ток-кайгы жок
  • Куру аякка бата жүрбөйт
  • Куру кайрат баш жарат, куркыйкырык таш жарат
  • Кутту үйдөн кур чыкпа
  • Куурайды бирден сындырган оңой, тобу менен сындырмак кыйын
  • Куш жаңылса торго түшөт, эр жаңылса колго түшөт
  • Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот
  • Куюшканга кыпчылган боктой
  • Күйөө карыса — жээн
  • Күлгөндүн билгени бар
  • Күлкү ден соолуктун — мүлкү
  • Күлүктөн күлүк өтөт, күйүкпөгөнү марага жетет
  • Күлүктү табына келтирген — саяпкер, кушту кыраан кылган — мүнүшкөр
  • Күлүктү таптайт саяпкер, сүрөөгө алат талапкер
  • Күн караган — суукка тоңот, бай караган — ачтан өлөт
  • Күн тийген жердин күкүгү
  • Күн тийип туруп жааган күндөн түңүл, күнгүрөнүп сүйлөгөн кишиден түңүл
  • Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт
  • Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет
  • Күч атасын тааныбайт
  • Күч бербеген тулпардан, сүтүн берген уй жакшы
  • Күч биримдикте
  • Күчтүү болсоң жердей бол — баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол — баарын жууп кетирген
  • Кыз боосуп энесин коркутат
  • Кыз жыргаар жерине ыйлап барат
  • Кыздын көзү кызылда
  • Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы
  • Кыздуу үйдө - кыңыр сүйлөбө, уулдуу үйдө - узун сүйлөбө.
  • Кыздын кырк чачы улуу
  • Кызга кырк үйдөн тыюу
  • Кызмат — колдун кири
  • Кызы бар үйдө кыл жатпайт
  • Кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет
  • Кылгылыкты кылып коюп, кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп
  • Кыңыр иш — кырк жылдан кийин билинет
  • Кыргыз акам тандап жейт, анан баарын жейт
  • Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат
  • Кырсык — каш-кабактын ортосунда
  • Кысаз кыяматка кетпейт
  • Кысыр уй мөөрөк болот
  • Кыялаган кырга чыгат
  • Кыян өзүн сел ойлойт, коркок өзүн эр ойлойт

М[түзөтүү]

  • Май жок, ун болсо, казан сурап келип куймак куюп берет элем
  • Май кармаган бармагын жалайт
  • Макал атасы — сөз, мата атасы — бөз
  • Макал ыр эмес жаттап алгандай, керегинде өзү келет күтүп тургандай
  • Макоодон макул деп кутул
  • Максат менен соккон жүрөк, бакыт менен өмүр сүрөт
  • Мактаган кыз тойдо осурат
  • Мактап койсо мардаюу
  • Мал — ээсин тартпаса, арам өлөт
  • Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө кандайт
  • Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар
  • Манастан Чубак кем бекен
  • Мартчылык ар кимде болбойт, сараңдын капшыты толбойт
  • Мастан — жинди качып кутулуптур
  • Меймандын өзүн бакпай, атын бак
  • Мекениңдин кадыры, башка жакта билинет
  • Менин колума да карга чычаар
  • Мергендин дарты кийикте, бүркүттүн дарты бийикте
  • Миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил
  • Миң койду бир серке башкарат
  • Миң уккандан бир көргөн жакшы
  • Миң чеченди бир тантык жеңиптир
  • Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт
  • Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет
  • Молдонун айтканын ук, кылганын кылба
  • Мурун уткан буудай чычат
  • Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз ашат
  • Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт
  • Мууздап бергенди — жиреш оңой
  • Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр
  • Мышык майга жетпей, сасык дептир
  • Мышыкка — оюн, чычканга — өлүм

Н[түзөтүү]

  • Нан болсо ыр да болот
  • Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз
  • Нандан улуу тамак жок
  • Насыя боордон нак өпкө артык
  • Нысапсызга кашык салса беш ууртайт Намыс

О[түзөтүү]

  • Ой жеткен менен кол жетпейт
  • Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет
  • Ойноонун да ыгы бар, ойлоонун да сыры бар
  • Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө
  • Окуган кыз оордун табат
  • Он эки пайгамбардан, бир кудай улуу
  • Оң колуңдун ачуусун, сол колуң менен бас
  • Оозу күйгөн — айранды үйлөп ичет
  • Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн
  • Оозунан ак ит кирип кара ит чыккан, эртеңкини эмес, эмикини унуткан
  • Оор иштен коркпо, оор сөздөн корк
  • Оору кадырын соо билбейт
  • Оору кайда болсо, жан ошол жерде
  • Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт
  • Оро албаган орок тандайт
  • Ороктон качкан ыраак чычат
  • Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр
  • Осмо кетер каш калаар, суулар кетер таш калаар
  • От жаккандыкы, тон кийгендики
  • От чаласынан, сөз чаласы жаман
  • Отту көөлөсөң өчөт, кошунаңды көөлөсөң көчөт
  • Отун албаганга от жактырба
  • Оюндан от чыгат

Ө[түзөтүү]

  • "Өлтүрөм" дегенден коркпо, "өлөм" дегенден корк
  • Өгөй — өөнчүл, жетим кекчил
  • Өжөр өлбөйт, өлсө да эч нерсеге көнбөйт
  • Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт
  • Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт
  • Өз күчүңдүн өлчөөсүн, өзүң билбей ким билет
  • Өз өзүнө, өзгө жатка тартат
  • Өз элине батпаган, душманына кор болот
  • Өзгө өздөй, жатка жаттай
  • Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман
  • Өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар
  • Өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген
  • Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло
  • Өлбөгөн жанга бир оокат
  • Өлгөндүн артынан өлмөк жок
  • Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылба
  • Өлө албай жатып өлөң айтат
  • Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу
  • Өлөөр эчки койчунун таягына сыйпанат
  • Өлүм — бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат
  • Өлүм адамды коркутат, үмүт намысты курчутат
  • Өлүм өксүтөт, оору кор кылат
  • Өлүмдөн башканын эртеси жакшы
  • Өнөр алды кызыл тил
  • Өнөрүң болсо ичиңе катпа, жаман кыялыңды өзүң ташта
  • Өнөрүң болсо өргө чап, кор кылбай алтын жанды бак
  • Өңдү көрсө жүз таят
  • Өрдөк берген, каз алат
  • Өрдөк жокто чулдук бий
  • Өсөөр элдин балдары бири-бирине дос болот, Өспөс элдин балдары бири-бирине кас болот
  • Өткөн ишке айла жок, өкүнгөн менен пайда жок
  • Өткөн ишке өкүнбө
  • Өткөн өмүр качкан куш, үндөсөң келбейт кайрылып
  • Өткөндөрдү эстеген жаман болбойт, мурдагыны кектеген жакшы болбойт

П[түзөтүү]

  • Падыша куда эмес, кудадан жудаа эмес.
  • Пайгамбар баарына асыр
  • Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр
  • Пайдасыз билим — жаансыз булут.
  • Пейли жакшы кем болбойт
  • Пейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
  • Пенде болмок бир жылда, ажы болмок кырк жылда.
  • Пенденин оозунан чыкса, Периштенин кулагына аян болот.
  • Пулуң болсо кулуңмун

С[түзөтүү]

  • Сен деген сенек сөз — сиз деген сылык сөз
  • Сабырдын түбү — сары алтын
  • Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт
  • Сакадай бою сары алтын
  • Сакалдан айрылсаң, мурут койбо
  • Сактыкта кордук жок
  • Санаа тарткандын ичкени — ирим, жегени — желим
  • Санаасы жок сары сууга семирет
  • Санабай туруп түгөл дебе
  • Саны бар сапаты жок
  • Саргара жортсоң — кызара бөртөсүң
  • Сарт үйүн көргөндө чабат
  • Саяк жүрсөң таяк жейсиң
  • Сиркеси суу көтөрбөйт
  • Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат
  • Сокур атка котур ат үйүр
  • Сокур намыс баш жарат
  • Сокурдан күзөтчүң болсо, элиңди жоого алдырат
  • Сокурдун тилегени — эки көз
  • Соодада достук жок
  • Соргоктун көөнү казанда, сопунун көөнү азанда
  • Союл камдаганга — токмок көтөр
  • Сөз — жип, кандай созсо кете берет
  • Сөз баштаган, эл баштайт
  • Сөз билгич адамдын, ар сөзүндө бир тузак
  • Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат
  • Сөз сай сөөктөн өтөт, чучукка жетет
  • Сөздү билген таап айтат, сөздү билбеген каап айтат
  • Сөздү убагында айтпаса — атасы өлөт
  • Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп
  • Сөздүн атасы — ыр, сөздүн катасы – чыр
  • Сөзү экинин — иши да чеки
  • Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе
  • Сөөктүн эң жаманы суу кечирет
  • Суктан сураба, сараңга бербе
  • Сулуу сулуу эмес, сүйгөнүң сулуу
  • Сулуулугунан — жылуулугу артык
  • Сулуулуктан — жылуулук
  • Сулуунун этеги кургабайт
  • Сунган башты суурган кылыч кеспейт
  • Сунган колду сындырба
  • Сураган жеңил, жооп бериш оор
  • Сурай — сурай мекеге барат
  • Сурап бергиче, уруп бер
  • Суу — жашоонун булагы
  • Суу ичкен кудугуңа — түкүрбө
  • Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөндөн кийин энегимди берейин
  • Сууну көп кечсең — балчык, сөздү көп айтсаң — тантык
  • Суюктун баары cорпо болбойт, теринин баары көрпө болбойт
  • Сүйбөгөнгө — сүйкөнбө
  • Сүйлөй-сүйлөй чечен болот, көрө-көрө көсөн болот
  • Сүйүнгөндөн маңдай айрылып, корккондон жүрөк жарылып кетпес
  • Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл
  • Сүткө түшкөн чычкандай
  • Сый — сыйга жарашат, сый билбеген адашат
  • Сыйга — сый, сыр аякка — бал
  • Сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур
  • Сыйлаганды күтө бил, кыйнаганды түтө бил
  • Сыналбаган атка сын салба
  • Сынчынын сыңар өтүгү майрык
  • Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт
  • Сырты жылтырак, ичи кылтырак
  • Сырыңды айтсаң бирөөгө, каласың катуу күнөөгө

Т[түзөтүү]

  • Таза аба жуткуң келсе — эрте тур, таза өмүр сүргүң келсе — эмгек кыл.
  • Таза болсоң — суудай бол, баарын жууп кетирген.
  • Таш кетилет жаш жетилет
  • Тааныбасты сыйлабас
  • Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү
  • Таз таранганча — той таркаптыр
  • Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт
  • Тамаксоонун табагы толбойт, топуктуунун жаманы болбойт
  • Тамакты таттуу кылган — туз, алысты жакын кылган — кыз
  • Тамашага — тамаша, каяшага — каяша
  • Тандаган тазга жолугат
  • Тапкан сүйүнөт, тааныган алат
  • Таппасаң сыйпалап кал
  • Тар жерде аш жегиче, кең жерде муш же
  • Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү
  • Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат
  • Таш менен урганды аш менен ур
  • Таш түш, таалайыңан көр
  • Таш түшкөн жеринде оор
  • Тегинен эмес, кебинен
  • Текин болсо, туз жутам
  • Темене берип, төө алат
  • Темирди кызуусунда сок
  • Тең — теңи менен, тезек — кабы менен
  • Тең жегенди Теңирим сүйүптүр
  • Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт
  • Теңчилик жоголду, темингендер оңолду
  • Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер
  • Тиги дүйнөнүн бейишинен, бул дүйнөнүн кейиши артык
  • Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн жакшы
  • Тилден бал да тамат, уу да тамат
  • Тилиң тишиңе күбө
  • Тилиңе — тибиртке
  • Тилиңе тыйын чычкан чычкыр
  • Тиш өтпөгөнгө, тил өтөт
  • Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт
  • Тишиң барда таш чайна
  • Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар
  • Ток бала ач балага карабайт
  • Токмогу күчтүү.
  • Тил-жүрөктүн ачкычы болсо, кийиз казык жерге кирет
  • Токой тоонун көркү, эр элдин көркү
  • Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет
  • Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол
  • Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой суук
  • Төгүлгөн аяк кайра толбойт
  • Төө көрдүңбү? — жок, бээ көрдүңбү? — жок
  • Төө кыядан өткөн сөң, "оо" — дегениң курусун
  • Төрдө орун болсо, улагага отурба
  • Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт
  • Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт
  • Тууган издеп, достон кетпе
  • Туулган жердин топурагы алтын, эли мазар
  • Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн
  • Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок
  • Туура сөз кылычтан өткүр
  • Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок
  • Түйшүгү жок жан болбойт
  • Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк
  • Т

У[түзөтүү]

  • Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат
  • Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы
  • Улук болсоң, кичик бол
  • Улуу сөздө уят жок
  • Улууга урмат, кичүүгө ызат
  • Улууну урматта, кичүүнү ызатта
  • Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон
  • Урматтан узарат, уяты чыккан кызарат
  • Урушкандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман
  • Урушта — туруш жок
  • Уруштун башы "бок" жебе
  • Устадан шакирти өтөт
  • Устанын тогоосу жок
  • Устукан мүлжүбөй этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт
  • Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт
  • Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет
  • Ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат
  • Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат
  • Ууруну каракчы урат
  • Уурунун көчүгү кууш
  • Ушакчы — ушакчы эмес, ушакты уккан — ушакчы
  • Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат
  • Уялбагандан өзүң уял
  • Уят — өлүмдөн катуу

Ү[түзөтүү]

  • Үйдө баатыр, жоодо жок
  • Үйдө ыркы жоктун, талаада сыйы жок
  • Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет, достун жакшы — жаманы иш түшкөндө билинет
  • Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы
  • Үйрөнгөн жоо атышаарга жакшы
  • Үйү жакын иттин куйругу узун
  • Үн жетпегенге, сөз да өтпөйт
  • Үндөбөгөн — үйдөй балаадан кутулат

Ч[түзөтүү]

  • Чаап айтканча таап айт
  • Чаба албаган, чалгы тандайт
  • Чабал өрдөк мурда учат
  • Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө
  • Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот
  • Чакыргандан калба, өзүң басып барба
  • Чакырылбаган конок, татардан жаман
  • Чала молдо дин бузат
  • Чала өлтүргөн жыландай
  • Чапанчага камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет
  • Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт
  • Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат
  • Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт
  • Чатак сүйлөп чычаалак — чыр адамдын мүнөзү, токтоо сүйлөп жай айткан — сабырдуунун мүнөзү
  • Чатактын түбүн калыс айткан сөз чечет
  • Чептен эрдин күчү бек
  • Чечен — сөздүн эбин табат, дайым кептин кемин табат
  • Чечен алжыса, атагын жейт
  • Чечендин — сөзү алтын, устанын — колу алтын
  • Чиелешкен түйүндү чечиш кыйын, уюлушкан душмандан кетиш кыйын
  • Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет
  • Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят
  • Чөбү жок деп жерден түңүлбө, малы жок деп элден түңүлбө
  • Чөп жыйнаган малын багат, мал жыйнаган жанын багат
  • Чөп көп жерде бука семирет
  • Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширеси жан сергитет
  • Чыгаша чыкпай, киреше кирбейт
  • Чыккан кыз — чийден тышкары
  • Чыккан мээнет — кирген дөөлөт
  • Чыккан тооң бийик болсо, ыргыт канташың ыраак түшөт
  • Чымчык өзүн жан ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт
  • Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок
  • Чын чычалайт, калп каткырат
  • Чынын айткан чырдан алыс, калпты айткан болбойт калыс
  • Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт
  • Чырайлуу көзүнөн эмес сөзүнөн
  • Чычкан көчүгүн көрүп аксайт
  • чимкириктин мурду акса бок-мурун болгон болот :).

Ш[түзөтүү]

  • Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт
  • Шак мөмөлөгөн сайын ийилет
  • Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз, такылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз
  • Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат
  • Шамал жерди кургатат, жамгыр жерди жыргатат
  • Шарыят буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет
  • Шашкан коён, аңга батпайт
  • Шашкан шайтандын иши
  • Шашылган кыз эрге жетпейт, этеги жерге жетпейт
  • Шеги бар — шектенет
  • Шодокондун бүркүтүндөй жутунбай
  • Шыбыр — кеп болбойт, шыйрак — эт болбойт

Ы[түзөтүү]

  • Ыйдын түбү — ый, сыйдын түбү — сый
  • Ыйлар бала атасынын сакалына асылат
  • Ынтымак бар жерде — ырыс бар
  • Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө
  • Ырайына жараша ыйманы
  • Ырдаган ырым, бүтпөгөн чырым
  • Ырынан чыры көп
  • Ырыс алды — ынтымак
  • Ыштанын булгаган — колун аябайт

Э[түзөтүү]

  • Эбин тапкан эки ичет
  • Эгин эгип мал бакпаган, эптеп-септеп жан сактаган

А

  • Эжем эрге тийди, эскиси мага тийди
  • Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени, Эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени
  • Эки жакшы коңшу болсо, кудалашып түшөт, Эки жаман коңшу болсо, кубалашып түшөт
  • Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт
  • Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымын кырылат
  • Эки текем бир букача жок бекен
  • Эки тизгин бир чылбыр эптүү киши колунда
  • Эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат
  • Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат
  • Эл — көл, элди билбес чөл
  • Эл — эне, жер — ата
  • Эл байынан жер байы артык
  • Эл башына түшкөн күн, эр башына түшкөн түн
  • Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт
  • Эл деген Эл, аста бассаң аксак, тез бассаң таскак дейт
  • Эл ичи — алтын бешик
  • Эл ичи — өнөр кенчи
  • Эл мазар, элден безген — азар
  • Эл оозунда элек жок
  • Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас жылкы болбос
  • Элге берген куруттан, мага бербей куруттуң
  • Элге бергениң текке кетпейт
  • Элге кийим тиккен ийненин өзү жылаңач
  • Элге кылган жакшылык жерде калбайт
  • Элге эл кошулган — дөөлөт, элден эл бөлүнгөн — мээнет
  • Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда
  • Элдин кичиги болгуча иттин күчүгү бол
  • Элдин эки тиреги бар, биринчиси — акылман, экинчиси — баатыр
  • Элин коргоп жоо сайган — баатыр атка конот
  • Элиңди жаман көрсөң элге кан тип батасың, Жериңди жаман көрсөң көргө кантип батасың
  • Элчиге өлүм жок
  • Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны татту
  • Эмгекчилдин оозу ... Тиер, бекерчинин оозу...тиер
  • Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, Эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт
  • Энеси болушчаактын баласы ыйлаак болот
  • Энесин Үч-Коргондон таанытам
  • Эң ачуу да тил, эң таттуу да тил
  • Эңкейгенге эңкейгин башың жерге тийгенче, какайганга какайгын — төбөң көккө жеткенче
  • Эр ачтан өлбөйт, ардан өлөт
  • Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет
  • Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол
  • Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз
  • Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен
  • Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо
  • Эр жигит эл четинде, жоо бетинде
  • Эр жигиттин башына нелер келип, нелер кетпейт
  • Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк
  • Эр намысы — эл намысы
  • Эр ортону — элүү
  • Эр чекишпей бекишпейт
  • Эр эмгегин жер жебейт
  • Эрден ашмак бар, элден ашмак жок
  • Эрдигиң бар, эсиң жок
  • Эрдик билекте эмес, жүрөктө
  • Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа
  • Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат
  • Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук
  • Эрегиштен эр өлөт
  • Эришине жараша — аркагы, эшегине жараша — тушагы
  • Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун
  • Эркек болбосо, үй жетимсирейт
  • Эркектин кой сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең
  • Эркенин жашы кургабайт
  • Эрте жатып, кеч турган эринчээктин белгиси
  • Эрте турган — сергек, ырыскыга – теңдеш
  • Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык
  • Эсеп билбес — чот билбес, жыйганынан айрылат
  • Эсеп, эсеп билбеген — эшек
  • Эсеп-чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы
  • Эсери болбой эл болбойт
  • Эсиң барда — этегиңди жап
  • Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт үч улак
  • Эски — жаңыга аралжы, аз — көпкө аралжы
  • Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт
  • Эски көч кайда барса, жаңы көч ошого барат
  • Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе
  • Эскини эптей кий, жаңыны сактай кий
  • Эстүүгө эки ооз сөз жетет
  • Эт — этке, шорпо — бетке
  • Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый
  • Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру
  • Эти тургай табагыңды таап ал
  • Эттен өткөн таяктан, сөөктөн өткөн сөз жаман
  • Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур
  • Эшегине жараша чому, төөсүнө жараша кому
  • Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт
  • Эшекти көп урсаң, сырыңды билип алат
  • Эшекти отко айдаса, бокко качат
  • Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот
  • Эшектин күчү — адал, сүтү — арам
  • Эшигин көрүп төргө өт, энесин көрүп кызын ал
  • Эшикке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайын энем каапыр жемелейт
  • Эшиктен келип төр меники дейт
  • Ээси келсе бээсин бер
  • Ээсин сыйласаң итине сөөк сал